|
Thursday, 04 February 2010 09:19 |
|
Мен, Байтороев Абдыракман учурда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында башкы директордун орун басары болуп иштеймин. Кыска мөөнөткө отпуска алып өзүмдүн кичи мекениме Лейлек районуна барып кайтып келе жатып түнкү саат 11.30. чамасында такси менен кайтканбыз, уйкуну ачып, бир аз жазылып алалы деп Ноокен районуна карашатуу Таш-Дөбө айылында жолдун боюнда кичинекей айыл бар экен, ошол жерге машинени токтоттук. Жерге түшүп, жолдун сол тарабына 2,3 метрдей басып өтсөк, Өзбекстандын куралчан чекарачылары бизди кармап, документтерибизди алып, кайтарып бербей коюшту. Анан мени жана жанымдагы адамды Өзбекстан тараптагы штабына баруубузду өтүндү. Биз кылмыш кылбасак, түнкү саат 12.00 болсо, куралчан болбосок, таксиде бизден башка ымыркайлары менен аялдар отурса, күн суук болсо.Ойлондук да алардын талабын аткарбай жолдун оң тарабына өтүп кетип калдык. Бизге чындыгында эч ким эскерткен эмес болчу. Тосмосу, белгиси жок ээн жердин чегара экенин байкаган да эмеспиз. Документтерибизди алалы деп аракет кылсак, ар бир документке 2000 сомдон бересиңер дешти. Биз буга капа болуп, документтерди ала албай Бишкекке жөнөп кеттик. Келер менен Өзбекстандын элчилигине, Кыргызстандын Акыйкатчысына атайын кат аркылуу кайрылдык. Мен өзүмдүн чексиз ыраазычылыгымды Акыйкатчы аппаратынын граждандык жана саясий укуктарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси, тажырыйбалуу коомдук ишмер, генерал Аскар Мамеевичке жана анын кызматкери Тамара Антоновнага чын жүрөгүмдөн билдирем. Мен сиздин кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен укук коргоо багытындагы иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
Алдыда жаңы жылыңыздар менен да сиздерди куттуктаймын! |