БАШ МЫЙЗАМЫБЫЗДА АДАМ УКУКТАРЫ ӨЗГӨЧӨ АЗДЕКТЕЛЕТ
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы(Омбудсмени), Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун менен маек.
-Турсунбек Акунович, Конституциялык Кеңешме өз ишин аяктап, Конституциянын долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Сиз Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары Кеңешменин ишине кыскача токтолуп өтсөңүз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү анын төрагасы Ө.Текебаевдин жетекчилигинде абдан жигердүү иштедик. Эл аралык стандартка жооп берген Баш мыйзамды чукул арада ийине жеткизип иштеп, элибиздин назарына койдук. Мен өзүм май айынын башында Швейцарияда иш сапарында болуп, талкууга кийнчерээк катышып калдым. Бирок орчундуу маселелер боюнча талкууга катышып үлгүрдүм. Конституциялык Кеңешменин кандай иштегени, кайсы беренелер өзгөчө талаш тартышты жаратканын телевидение аркылуу көрсөтүп турбадыбы.
Өзгөчө мында жарандык сектордун мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн баса белгилеп кетмекчимин. Алар адам укуктарына байланышкан беренелердин ар бир сөзүнө өзгөчө маани беришип, күндөп-түндөп иштешти. Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнүн ичинен өзгөчө укуктук даярдыгы жана омоктуу ойлорун айткан мүчөлөрдү атап кетсем мен Салянова Аида Жеңишбековнанын, Данияр Ильич Нарымбаевдин ж.б.лардын эмгегин бөлүп көрсөтөөр элем.
-Бул Конституциянын мурдагы Конституциядан өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?
Аракеттеги Конституция 97 беренеден турчу. Жаңы Конституция 114 беренеден турат.Албетте, Парламенттик мамлекетке бараткан жолдо Баш мыйзамда парламенттин ролу жогорулап, анын ыйгарым укуктары кеңейди. Президенттин ыйгарым укуктары чектелди. Бир сөз менен айтканда Баш мыйзамыбыз мурдагыдай Ханституция эмес, сөздүн чыныгы маанисинде Конституция болуп калмакчы.
Баш мыйзамда жаштарга көңүл бурулду.
-Конституциялык сот тууралуу жобо да көп талашка түштү го.
Убактылуу Өкмөттүн Декрети менен ишмердүүлүгү токтотулган Конституциялык сот жөнүндө ченем Баш мыйзамыбызда Жогорку соттун курамында Конституциялык палата катары иштээри белгиленди.
-Баш мыйзамдын оң жактарын айтып өтсөңүз...
Баш мыйзамда адам укуктарына өзгөчө көңүл бурулганын баса белгилегим келет. Анткени кабыл алынуучу Конституциянын экинчи бөлүмү Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери деп аталат. Ал үч главадан турат.
Биринчи главасы-Негизги укуктар жана эркиндиктер, экинчи главасы- Адам укуктары жана эркиндиктери, үчүнчү главасы- Жарандык. Жарандын укугу жана милдеттери деп аталат. Конституциянын 38 беренеси адам укуктары менен эркиндиктерине арналган. Демек, бул Баш мыйзамыбыздын преамбуласында жазылгандай адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан мамлекет экенибизди тастыктап турат.
-Конституциянын долбоору жарыяланды, эми аны калктын кеңири катмарына жеткирүү маселеси алдыбызда турат. Бул боюнча кандай иш-чаралар көрүлөт?
-Туура, кабыл алынуучу Конституциянын маани маңызын, анда камтылган баалуулуктарды бүтүндөй республикабыздын элине түшүндүрүү, жеткирүү милдети алдыбызда турат. Мен өзүм Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы(Омбудсмен) Аппаратынын жамаатына кеңири айтып бердим. Ар бир кызматкер кабыл алынуучу Конституцияны дыкаттык менен окуп-үйрөнүүсүнө тапшырма бердим.
Себеби, Аппараттын кызматкерлери жер-жерлерге иш сапарына чыкканда эл менен жолугушууларда Баш мыйзамыбыз тууралуу түшүнүк берүүлөрү керек. Эл арасында бул боюнча баяндамаларды окушу керек. Кыскасын айтканда, Баш мыйзамды үгүттөөгө жапа тырмак киришүү керек. Мындай тарыхый маанилүү документтин басымдуу добуш менен кабыл алынышына ар бирибиз колдон келген аракетибизди көрүшүбүз керек. Баш мыйзамыбыздын сапары байсалдуу болсун.
Маектешкен Барно Сабирова.
Акыйкатчынын
Басма сөз кызматы
1-ИЮНЬ - БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ
Кыргызстандын жалпы балдарын 1-июнь-Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктайм! Аларды өз укуктарын бала күнүнөн тартып билүүгө чакырам.
Биз улуулар балдарга ушул күнү эле эмес, ар дайым көңүл буруп, алардын укуктарынын бузулбашы үчүн кам көрүшүбүз керек.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында балдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча бөлүм иштейт. Балдардын укуктары бузулган фактылары боюнча токтоосуз аракеттер көрүлөт.
Балдарыбызга ар дайым ачык асман, жаркын маанай шаңдуу күлкү, бактылуу окуучулук күндөрдү каалайм! Эч качан балдардын укуктары бузулбасын!
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун
В мае 2010 года стартовал совместный проект Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики, Министерства образования и науки Кыргызской Республики при поддержке Детского Фонда ЮНИСЕФ по проведению развернутого Исследования по распространенности и динамике насилия в школах Кыргызской Республики.
В качестве исполнителя исследования на тендерной основе была выбрана компания CAIConsulting (ЦАИКонсалтинг), успешно работающая в сфере проведения исследований на протяжении 12 лет.
Основной задачей исследования является сбор и анализ данных по уровню распространенности насилия в школах Кыргызской Республики. В результате данного исследования экспертами проекта будет проанализировано понимание феномена насилия в школе (и его последствий) разными группами (учениками, родителями, учителями, выявлены типы насилия в школах и описаны «технологии» школьного насилия.
Кроме того, экспертами проекта предполагается выявить причины возникновения насильственных отношений в школах Кыргызстана, а также описать условия, влияющие на распространение насилия в образовательных учреждениях.
В ходе данного исследования будут опрошены дети различного школьного возраста, их родители, учителя и представители администрации школ. Планируется вовлечь в опрос школы различного типа (элитные, городские, сельские школы), а также школы с различными языками обучения. Исследование планирует охватить все 7 областей Кыргызской Республики,
По результатам исследования будет разработана Программа мероприятий по искоренению насилия в школах Кыргызской Республики.
Предполагается, что к концу 2010 года результаты исследования будут представлены участникам исследования и широкой аудитории.
А.Колопов
О чем рассказал в Женеве Турсунбек Акун
С 2 мая по 5 мая состоялась сессия Совета по правам человека ООН, которая заслушала Кыргызскую Республику о деятельности по выполнению взятых на себя международных обязательств в рамках ратифицированных пактов и конвенций принятых ООН.
Отчет Кыргызской Республики по Универсальному Периодическому обзору перед Советом по правам человека Организации Объединенных наций проходил в дни, когда страна переживает драматические страницы своей истории. Ценою жизней многих своих граждан в Кыргызстане свергнуты семейно-клановая, коррупционная система власти. Кыргызское общество становится на путь обновления и поиска своей модели демократического развития, преодолевая тяжелое наследие прежней власти.
В составе делегации был Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргызской Республики Турсунбек Акун. Главный правозащитник страны рассказал членам СПЧ ООН о соблюдении и защите прав журналистов и правозащитников. В этой сфере было отмечено немало вопиющих фактов - убийств и избиений журналистов. А ряд представаителей СМИ были вынуждены покинуть страну из-за преследований.
Акыйкатчы также рассказал о проблемах доступа к информации.
Турсунбек Акун изложил позицию Кыргызской Республики по вопросу о праве граждан собираться мирно и без оружия, в частности доложил государствам – членам Совета по правам человека, что разработан новый проект закона «О собраниях», в котором обобщен положительный мировой опыт, и воплощены все идеи прав граждан на проведение мирных собраний и митингов.
Во время отчета был затронут вопрос о состоянии работ по подготовке проекта Закона по внедрению национального превентивного механизма против пыток, которые никак не удается изжить в органах внутренних дел. Проект Закона воплотил в себе все основные требования Конвенции ООН и факультативного протокола против пыток.
Кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акундун БИЛДИРҮҮСҮ
2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар Кыргыз Республикасында адам укуктарын аздектеп, урматтоо зарылдыгын дагы бир жолу тастыктады.
Адам укуктарынын Жалпы декларациясынын 12-беренесинде «Эч ким анын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна ээнбаштык менен кийлигишүүгө, анын турак жайына, анын кат-кабарларынын купуялыгына же анын абийирине жана беделине ээнбаштык менен кол салууга кириптер болууга тийиш эмес. Ар бир адам андай кийлигишүүдөн же андай кол салуудан мыйзам менен коргонууга укуктуу» деп жазылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын аракеттеги Конституциясынын 14-беренесинде «кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна» укуктуулук жарыяланган.
Бирок жогорудагы эл аралык маанилүү документ жана Баш мыйзамыбызда кепилденген укуктар соңку мезгилде толук даражада сакталбай жатат. Себеби телефон аркылуу сүйлөшүүлөр УТРК жана 5-канал сыяктуу телевидениелердин эфири аркылуу жалпы коомчулукка жарыяланып, бул көрүнүш жалпы элдин кыжырын келтирүүдө. Жарандарыбыздын өз ара сүйлөшүүлөрү жалпыга маалымдоо каражаттарынан кайра-кайра берилиши калк арасында ар түрдүү пикирлерди жаратууда.
Албетте, улуттук коопсуздукту камсыздоо максатында атайын органдар телефондук сүйлөшүүлөргө тыңшоолорду прокуратуранын санкциясы менен жүргүзүшү мүмкүн. Ал эми интернет булактарынан алынган телефондук сүйлөшүүлөрдүн жазууларын улуттук телевидение аркылуу жарыялоо туура эмес деп эсептейм. Анткени мыйзамдарга ылайык Интернет булактары азырынча жалпыга маалымдоо каражаты катары эсептелбейт. Ошол себептен Интернет булактарынан алынган материалдарды текшербей туруп, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо туура эмес.
Эгер телефондук сүйлөшүүлөр мыйзамдык тартипте прокуратуранын санкциясы менен жазылган болсо да «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесине ылайык «Алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун кат жүзүндөгү уруксаты болмоюнча алгачкы текшерүүнүн, алдын-ала жана соттук тергөөнүн маалыматтарын жарыялоого болбойт».
Купуя угууну жарыялаган фактысы боюнча прокуратура органдары тарабынан кылмыш ишинин козголушун кубаттайбыз. Бул ишке тиешеси бар адамдар, уюмдар мыйзам чегинде тиешелүү жазасын алышы керек.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ММКларда купуя сырдын жайылтылышына байланыштуу адам укуктарынын одоно бузулган фактылары боюнча тийиштүү процессуалдык иш-чараларды көрүшү керек.
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өзүнүн конституциялык укуктарынын сакталышына жана андан пайдаланууга укуктуу.
Мен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары адам укуктарынын ыйыктыгын таануу менен мыйзам чегинде угулган телефондук сүйлөшүүлөрдү да мыйзам чегинде гана жарыялоо зарыл деп эсептейм.
Ал эми мыйзамсыз угуулар үчүн мыйзамдарда кылмыш жоопкерчилиги каралганын ар бир адам эсте тутуусу зарыл.
Акыйкатчы Конституциянын долбоорунда
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы(Омбудсмени) тууралуу да жоболор камтылган. Атап айтканда, Баш мыйзамдын долбоорунун жетинчи бөлүмү «Мамлекеттик башка органдар» деп аталат.
108-беренеде: «Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы(Омбудсмен) жүргүзөт»- деп жазылган.
Ал эми Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары деген экинчи главанын 74-беренесинин 1-пунктунун 6) «Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот, аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет».
7-пунктчада: Акыйкатчынын(Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын(Омбудсмендин) орунбасарларын шайлайт, аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет.
Ал эми 6-пункттун 2-пунктчасында «Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат» деп жазылган.
Омбудсмен обратился к коллеге
Письмо Турсунбек Акуна своему казахскому коллеге по поводу открытия границы.
Омбудсмен Кыргызской Республики Турсунбек Акун, обеспокоенный тяжелыми последствиями продолжительного закрытия кыргызско-казахской границы для экономики страны, озабоченный тревогами предпринимателей и рядовых граждан, имеющих в Казахстане родственные связи, направил письмо Уполномоченному по правам человека в Республике Казахстан А.Шакирову с просьбой оказания содействия в открытии границы. В письме говорится:
«Уважаемый Аскар Оразалиевич! Кыргызский народ переживает драматические страницы в своей истории. В стране идет слом устоев семейно-кланового коррупционного режима. В этих условиях экономика страны испытывает большие трудности, что серьезно сказывается на социальном положении населения. Внутренние проблемы страны усугубляются и внешними причинами, в числе которых и закрытие границ со стороны сопредельных государств. В их числе и кыргызско-казахская граница, которая является наиболее интенсивно работающей. Исторически так сложилось, что через неё осуществляются жизненно важные связи Кыргызстана с внешним миром.
Казахи и кыргызы - народы братья и они практически не знали границ, совместно выступая против внешних угроз как со стороны джунгарских завоевателей и цинской династии, так и против устремлений Кокандского ханства и царской империи. В трагический для казахского народа 1933 год, по данным выдающегося сына казахского народа Турара Рыскулова, более 100 тысяч беженцев из Казахстана нашли приют на кыргызской земле. А в трудные годы перехода на рыночные отношения тысячи наших соотечественников в поисках лучшей доли перешли в Казахстан.
Биография национального лидера Казахстана Нурсултана Абишевича Назарбаева является ярким свидетельством братской дружбы наших народов. Ведь его детство и юность прошли на джайлоо, где, не зная границ, душа в душу жили и делили земные радости представители двух народов.
Уважаемый Аскар Оразалиевич, я обращаюсь к Вам, как к коллеге-правозащитнику и как брату, в тяжелые для Кыргызстана дни обратить внимание руководителей соответствующих государственных органов на испытываемые нашим народом трудности. Закрытие границы нарушило экономические, культурно-гуманитарные связи людей, отразилось на всем спектре человеческих обменов. Исходя из высших побуждений и цивилизационных понятий о правах человека, открытие казахско-кыргызской границы отвечало бы интересам народов по обе стороны границы.
Надеюсь, что Вы, уважаемый Аскар Оразалиевич, как Уполномоченный по правам человека в Республике Казахстан, примете личное участие и используете все возможности по воплощению в жизнь права людей свободно передвигаться от одного места в другое, провозглашенной Всеобщей декларацией прав человека».
Омбудсмен Турсунбек Акун посетил М.Конгантиева
Для проведения мониторинга соблюдения прав заключенного экс-министра МВД М.Конгантиева, подтверждения данных других правозащитников и ученых-медиков о необходимости проведения ему сложной хирургической операции, 12 мая 2010 года Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргызской Республики Турсунбек Акун посетил госпиталь МВД. В ходе состоявшейся беседы с М.Конгантиевым, последним была высказана просьба оказать содействие в изменении меры пресечения и предоставления возможности для прохождения квалифицированного лечения.
Лечащие врачи подтвердили, что черепно-мозговые травмы, полученные М.Конгантиевым во время его избиения, серьезно сказываются на состоянии его здоровья, которое имеет тенденцию к дальнейшему ухудшению. По заключению врачей, подследственный остро нуждается в срочном специализированном хирургическом лечении в г. Москва и в особом уходе. Такое же заключение было сделано и известным нейрохирургом страны профессором М.Мамытовым, осмотревшим больного.
В связи с изложенным, Омбудсмен обратился с ходатайством к Председателю Временного Правительства Отунбаевой Р.И., с учетом тяжелого состояния здоровья подследственного М.Конгантиева, исходя из принципов защиты прав человека, независимо от политической коньюктуры, оказать содействие в обеспечении ему законных прав на лечение. Одновременно высказана просьба изменить ему меру пресечения, тем более, что сам М.Конгантиев готов к сотрудничеству со следствием.
Правозащитник А.Фоменко отмечает
80-летний юбилей!
Уважаемый Александр Севастьянович!
Поздравляю Вас с замечательным юбилеем – 80 летием со дня рождения! От себя лично и от имени всего коллектива Аппарата Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики желаю Вам крепкого здоровья, долгих лет жизни, бодрости духа и удачи во всем!
Ваша жизнь, Ваша неустанная деятельность по восстановлению справедливости, по защите достоинств человека, защите его прав и свобод является достойным примером для подражания всем правозащитникам нашей страны.
Защита интересов простых людей, пенсионеров, всех нуждающихся является в высшей степени благородным делом. Это удел людей честных, принципиальных, неравнодушных к чужой беде, тревогам и заботам. Именно эти качества присущи Вам, уважаемый Александр Севастьянович!
Ваша богатая биография является ярким примером патриотического служения Отечеству. Мы все знаем как Вы любите родной край. Ваша жизнь тесно связана с жемчужиной земли-прекрасным Иссык-Кулем, белоглавыми вершинами Ала-Тоо.
Уважаемый Александр Севастьянович, мы любим Вас, Вы по праву являетесь аксакалом всех правозащитников Кыргызстана! Будьте всегда с нами! Дай Бог Вам здоровья!
С огромным уважением,
Омбудсмен (Акыйкатчы)
Кыргызской Республики
Турсунбек Акун
Акыйкатчынын почтасынан
Урматтуу Турсунбек Акун,
Биз Сизди инсан катары, тажрыйбасы терең жетекчи жана чоң саясатчы катары терең урматтайбыз. Бизди жумуштан туура эмес кыскартып, өзүм билемдик кылып, жумуштан бошоткон жетекчилер бүгүн толугу менен өзүлөрү жумуштан кетишти. Биз сот аркылуу жана Сиздердин кызматкерлериңер А.Мамеев, Т.Кравцова эжекелердин жардамы менен биз өзүбүз ээлеген кызмат ордубузга келдик.
Кыргызстан профсоюз уюмунун жамаатынын атынан сиздердин чоң ийгиликтерди каалайбыз.
Туризм боюнча башкармалыктын башчысы: А.Маметов
Алкыш
Мен, Орозов Муратбек Жороевич карындашым Айнагүл Жороеваны бир жылдан бери издеп таппай жүргөнмүн. Издөө салып ИИБга кайрылсак, жыйынтык чыккан эмес. 2010-жылдын 7-май күнү карындашым Бишкек шаарынын Психикалык ден соолук борборунун 2-бөлүмүнөн табылды. Карындашымды издеп табуудагы Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлеринин, атап айтканда психиатриялык стационарлардагы сыркоолордун укуктарын коргоо кызматынын балдарына чоң ыраазычылык билдирем. Ушинтип акыйкат жолунан тайбаңыздар, ыраазычылык менен Муратбек Орозов.
Салам достор!
Мен, Ахмадалиев Алмазбек Курбаналыевич, азыркы учурда Ош МУнун тарых-юридика факультетинде окуйм жана ошол эле мезгилде ОшМУнун студенттик Акыйкатчысы болуп иштеп жатам."Жалгыз дарак бак болбойт" демекчи,мен негизинен Кыргызстандагы бардык ЖОЖнун Акыйкатчылары менен кызматташууга чакырам.Биздин дарек.ОшМУнун башкы имараты каб.120б.моб.тел.(0558)060406
Урматтуу Турсунбек Акун,
Мен Сизге февраль айында баламды белгисиз бирөөлөр сабап кетип, тергөөчү тарабынан ишибиз каралбай жатканы тууралуу кайрылгам. Сиздердин кийлигишүүңүздөрдүн аркасында тергөө иштей баштады. Мен сиздерге терең ыраазычылык билдирүү менен менин баламдын ишин көзөмөлгө алып турууңүуздарды суранам.
Урматтоо менен
Сагыналиева Рахат, Аламүдүн району, Беш-Күнгөй айылы
КР АКыйкатчысы
Турсунбек Акунга,
Ысык-Көл облусу боюнча
ыйгарым укуктуу өкүлү
А.Мансуровго
12-майда мектепке хиджап кийип барып, окуу процессин улантканга жардам берүүңүүздү сурангам. Анткени директор хиджап кийип келүүмө каршы болуп жаткам. Сизге кайрылгандан кийин өкүлчүлүктө иштеп жаткан инспектор Сулайманов Нурдин директордун өзү менен кезигип, укугумду бузуп жаткандыгын түшүндүрүп, маселемди чечип берди. Азыркы учурда окуумду улантып жатам.
Бул маселени ушунча тез убакытта чечип бергениңүиз үчүн Сизге, жамаатыңарга чоң ыраазычылыгымды билдирем. Жамаатыңарга ийгилик каалайм. Мен сыяктуу көп-көп адамдардын проблемаларын чечип бере бергиле.
Мамлекеттик тилди билүү маанилүү
Мен Сизге сунуш катары ушул кыргыз элинин тили боюнча кайрылып жатам. Кайрылып жаткан себебим болгон иш кагаздар өзүңүз иштеген жерден баштап бүт орус тилинде жүрүп жатат, анда эмне үчүн кыргыз мамлекети деп аталды. Менин оюмча кыргыз мамлекети болгондон кийин Кыргызстанда кыргыз улуттук тилде сүйлөөсү керек. Бөлөк улуттарды биз сыйлап, ошол тилдерде сүйлөшүбүз керекпи. Эмне үчүн бөлөк улуттар кыргыз тилинде сүйлөгүсү келбейт.
Ал эми бөлөк жактан келген чет өлкөлүктөр бир жылда же алты-жети айда эле кыргыз тилин үйрөнүп жатышат, ал эми бизде болсо бөлөк улуттар ушул жерде туулуп, ата-тегинен бери ушул жерде жашап, анан кыргыз тилин билгиси келбейт. Мамлекет Кыргызстан болгондон кийин бардык улуттардын өкүлдөрү кыргыз тилин үйрөнүшүн каалайт элем. Мен бул сунушумду улуттун кызыкчылыгынан улам айтуудамын.
Төлөмүш Орозакунов, Нарын шаарынын тургуну
Из почты Омбудсмена
Глубокоуважаемый Турсунбек Акун!
Сердечно поздравляю Вас и Ваш коллектив с Великой Победой наших народов в Великой Отечественной войне.
65 лет отделяет нас от того майского дня, когда была завоёвана долгожданная Победа над фашизмом. Бессмертен подвиг солдат Великой Отечественной войны, которые отстояли свободу и независимость своей Отчизны, принесли освобождение народам Европы и мира. Он учит нас в борьбе за справедливость всегда идти к победе, не отступать перед любыми угрозами и трудностями, брать на себя ответственность за судьбу своих народов.
Земной поклон всем фронтовикам, труженикам тыла, вдовам героям, которые живут в Вашей стране. Сегодня мы должны обеспечивать защиту их прав и свобод, оказывать всевозможную поддержку, согревать человеческим теплом, помогать передавать бесценный опыт молодежи.
Желаю Вам и Вашим коллегам крепкого здоровья, мирного неба, успехов в утверждении идеалов Справедливости и Добра!
С глубоким уважением, Нина Карпачева
Уважаемый Турсунбек Акун!
Коллектив 2 отделения РЦПЗ г.Бишкек выражает Вам и вашим сотрудникам Службы защиты прав пациентов, находящихся в психиатрических стационарах, при аппарате Омбудсмена Кыргызской Республики огромную благодарность в содействии установления личности и нахождения близких родственников Ж-вой А.
Наши попытки в поисках через СМИ и телевидение в течение одного года близких родственников А.Ж-вой, не дали результатов.
После оперативного вмешательства Ваших сотрудников Службы защиты прав пациентов, находящихся в психиатрических стационарах ,проблема нахождения близких родственников нашей пациентки была решена в кратчайшие сроки. На данный момент пациентка А.Ж-ва находится в кругу своей семьи.
С уважением,
Коллектив 2-го отделения РЦПЗ г.Бишкек.
Мы, пенсионеры Абыкеев Калысбек и Абыкеева Бурул обращались к Вамс просьбой оказания помощи нашей дочери Г.Абыкеевой, которую обвинили в организации ограбления крупной суммы денег, принадлежащей Сберегательной кассе грода Чолпон-Ата ОАО «Экобанк».
Благодарим Вас в содействии и оказании юридической и моральной помощи Ваших сотрудников, в особенности Представителя Иссык-Кульской области Сулайманова Нурдина Эсеновича, участвовавшего на всех судах областной инстанции.
С большой благодарностью к Вам, Абыкеевы.
Благодарственное письмо
Уважаемый Омбудсмен, я обратился к Вам, когда уже не мог защитить свои права в судебных органах нашей республики.
Отныне я уверена, что мои права и законные интересы будут защищать Омбудсмен и сотрудники вашего института. Особо признательны Руслану Озубекову.
Благодарю за содействие в восстановление справедливости. Желаю удачи.
Б.Абдылдаева, с.Бостери, Иссык-Кульская обл.
Конкурс на лучшее освещение
правозащитных вопросов
Институт по освещению войны и мира (IWPR) объявляет о начале конкурса на лучшее освещение правозащитных вопросов. Конкурс проводится в рамках проекта IWPR и Еврокомиссии «Защита прав человека и правозащитное образование посредством СМИ в Центральной Азии» в партнерстве с Управлением Верховного комиссара ООН по правам человека.
В конкурсе могут принять участие работы на правозащитные темы в контексте важнейших социальных, политических, экономических и культурных событий, опубликованные на территории стран Центральной Азии в период с 1 сентября 2009 года по 1 сентября 2010 года на русском и государственных языках стран Центральной Азии в трех номинациях: печатные издания, on-line СМИ, фотожурналистика. В каждой из номинаций учреждены денежные вознаграждения. Предусмотрены поощрительные призы.
Награждение победителей пройдет в 10 декабря 2010, в Международный день защиты прав человека в городах Алматы, Бишкек и Душанбе.
Подробную информацию читайте на сайте www.ombudsman.kg.
Высокие гости посетили Ош
29 апреля 2010 года в офисе Ошского представительства Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики состоялась встреча уполномоченного Омбудсмена КР с делегацией Организации по безопасности и сотрудничеству в Европе (ОБСЕ) во главе c Верховным комиссаром по делам национальных меньшинств господином Кнут Воллебек и главой Центра ОБСЕ в Бишкеке господином Эндрю Тесорьер.
В ходе встречи делегацию интересовали вопросы о нынешней ситуации с правами человека в регионе после апрельских событий, проект новой Конституции Кыргызской Республики, в частности, отражение в ней прав и свобод человека , а также были затронуты вопросы соблюдения прав национальных меньшинств в Ошской области. По всем этим и другим интересующим их вопросам уполномоченный Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики Нуралиев Т.Н. дал соответствующую информацию. Встреча прошла в дружеской обстановке и атмосфере взаимопонимания.
Кара-Суу районунан кайрылуулар
Биздин дарекке Кара-Суу районунун «Шарк» айыл округунун Фуркат участкасынын тургуну Б.Ж-в арыз менен кайрылган, анда арыз ээси жаңы паспорт алуу үчүн тийиштүү документтерди топтоп, Нариман милиция бөлүмүнүн паспорт-виза бөлүмчөсүнө тапшырган. Өз убагында жаңы паспорт Бишкектен келген, бирок милиция кызматкерлери «сен мурда соттолгон экенсиң» деген куру шылтоо менен паспортун бербей, укугу бузулуп жаткандыгын бизге маалымдаган.
Арыз боюнча өкүлчүлүктүн инспектору Н.Бакиров жеринде барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин далилдеп, арыз ээсине жаңы паспортун алып берди, ал эми Б.Жороев бизге өз ыраазычылыгын билдирди.
Текшерүүдөгү Нариман милиция бөлүмчөсүндөгү кемчиликтер Ош облустук паспорт-виза бөлүмүнүн начальниги А.Кыдыровго-күнөөлүүлөргө карата чара колдонуу үчүн атайын кайрылуу менен жиберилди.
***
Биздин дарекке Кара -Суу районунун «Нариман» айыл округунун Жийделик участкасынын тургуну Ш. Т-ва арыз менен кайрылган, анда арыз ээси айылдык округдун чечими менен жеке менчик үй куруу үчүн 0.05 га жер алып, бирок бир топ убакыттан бери Кара-Суу райондук архитектура жана курулуш башкармасынын кызматкерлери тарабынан жерди документтештирүү мыйзамсыз кечиктиририлип, укугу бузулуп жаткандыгын бизге маалымдаган.
Арыз боюнча өкүлчүлүктүн инспектору Н.Бакиров тийиштүү органдарга сурамжылоо жөнөтүп, жеринде барып, иликтөө иштерин жүргүзүп, «Нариман» айыл округунун 2008-жылдагы №647 токтому Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз, -деп жокко чыгарылгандыгын, ошондуктан убактылуу документтештирүү токтоп тургандыгын аныктап, Ш.Т-вага анын укугу эч ким тарабынан бузулбаганы түшүндүрүлгөн. «Нариман» айыл округунун жетекчилиги менен кеңешүүдөн кийин арыз ээсине жер комиссиясына кайрадан арыз менен кайрылуусун жана жер алууга толук укугу бар экендигин сунуштаган. Текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин Ш.Т-ва бизге ыраазычылыгын билдирди.
Тартип сакчыларына чара көрүлөбү
2010-жылдын 29-марты күнү мурда белгилүү болгондой Нарын шаардык борбордук Теңир-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы менен жолугушуу болгон. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облусу боюнча Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери ушул боло турган жолугушуу учурунда Адам укуктарынын сакталышы боюнча тынымсыз аракеттерди көрүштү. Боло турган жолугушууга келе жатышкан жарандарга граждандык кийим кийинишкен жергиликтүү милиция органдарынын айрым кызматкерлери тарабынан Облустук администрациясынын имаратынын батыш жагында, профсоюздун имаратынын ортосунан тоскоолдук көрсөтүлүп, колдорундагы газеталарды(«Плюрализм» ж.б. басылмалар) жулуп алуу, колдорун толгоо фактысы болду. Бул болуп өткөн инцидент Өкүлчүлүктүн кызматкерлери тарабынан видеотасмага тартылып алынган. Айрым милиция кызматкерлеринин бул аракеттери жолугушуу алдында, саат 10-20лар чамасында , кырдаалды курчутууга түздөн-түз себепкер болгондуктары көрүнүп калды. Бул факты боюнча жергиликтүү күч органдарынын айрым кызматкерлери, жетекчилеринин саясий окуяларга адекваттуу баа бере алышпай, тескерисинче абалды курчутууга өздөрүнүн негативдүү салымдарын кошкон деген жыйынтыкка келдик.
Жогоруда көрсөтүлгөн факт «Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө Эл аралык Пактысынын» жана «Адам укуктарынын жалпы декларациясынын» бир катар беренелерине каршы келген аракет экенин көрсөтүп, күнөлүүлөргө карата чара көрүү тууралуу кат жолдонгон. Ага 9-апрель күнү Нарын ОИББнын начальниги С.Жусупов тарабынан төмөндөгүдөй мазмундагы жооп алынды. Анда: «…Жолугушууга бара жаткан адамдардан милиция кызматкерлери газета талашкандыгы тууралуу катыңыз жана видеотасмага тартылган сюжет боюнча окуяга катышкан милиция кызматкери бүгүнкү күндө ооруп Бишкек шаарында дарыланып жаткандыктан, текшерүүнү аяктап чара көрүүгө мүмкүн болбой жаткандыгын белгилөө менен Кыргыз Республикасынын Ички Иштер органдарынын тартиптик Уставына ылайык, бул милиция кызматкери оорусунан айыгып келгенден кийин териштирүү улантылып, тиешелүү чара көрүлөөрүн билдиремин»-деп көрсөтүлгөн.
Бөрк ал десе баш алган дегендей ыйгарым укуктарынан ашкере ашып кеткен милиция кызматкерине чара көрүлөбү, же ушул бойдон калабы, аны убакыт көрсөтөөр.
Б.Рысбеков, Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Будни иссык кульцев
С посещения закрытых учреждений региона приступил к своим обязанностям Уполномоченный Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики А.Мансуров, назначенный на эту должность по результатам конкурсного отбора в апреле этого года.
Уполномоченным Омбудсмена (Акыйкатчы) А.Мансуровым и инспектором представительства Н.Сулаймановым, в целях ознакомления с условиями содержания подследственных, проверки доводов изложенных в заявлениях и жалобах посещены СИЗО-3 г.Кара-Кол, ИВС ОВД г.Кара-Кол, проведены встречи с руководством этих учреждений. В целях проверки доводов изложенных в заявлениях родственников арестованных, обвиняемых в хранении и распространении религиозно-экстремистской литературы, принятии участия в деятельности РЭП «Хизбут-Тахрир», проведены встречи и беседы с подследственными, в ходе которых разъяснены их процессуальные права, даны консультации на предмет подачи ходатайств на изменение меры пресечения и жалоб на состояние здоровья, обеспечение лекарственными препаратами, проблем с передачами от родственников.
При рассмотрении жалоб родственников арестованных лиц, находящихся в СИЗО-3 г.Кара-Кол, на протяжении полтора месяца обеспечено присутствие инспектора Н.Сулайманова на судебных заседаниях городской и областной инстанциях, в результате которых одиннадцати из двенадцати обвиняемых мера пресечения в виде заключения под стражу изменена на домашний арест. В отношении двоих обвиняемых Н.А-ва и А.И-ва прозводство по уголовным делам прекращено за недостаточностью доказательств. Также имеются все предпосылки для прекращения уголовного преследования трех обвиняемых.
В ИВС ОВД г.Кара-Кол совместно с руководством были проведены беседы со всеми находяшимися в данном учреждении, в ходе которых установлено об инкриминируемых им деяниях и их обоснованном пребывании по постановлению суда.
Кроме этого, в настоящий момент, по инициативе А.Мансурова, по заявлению жителя с.Отрадное Ак-Суйского района по поводу незаконной продажи детского сада, создана комиссия по рассмотрению данного заявления. В состав комиссии включены член общественного совета при Представительстве Омбудсмена Кыргызской Республики по Иссык-Кульской области, специалист отдела экономики Ак-Суйской районной государственной администрации, главный архитектор районного УАГС, специалист Госрегистра, заведующий ОПСД Ак-Суйской райгосадминистрации и два жителя с. Отрадное. В данное время проводится активная деятельность по решению этой проблемы, существующей с 2002 года. Данное заявление находится под личным контролем Уполномоченного Омбудсмена (Акыйкатчы) КР по Иссык-Кульской области А.Мансурова.
Отдельно стоит отметить заявление ученицы 10 класса одной из средних учебных заведений г.Кара-Кол, которая просила оказать содействие в восстановлении ее прав на образование . Как выяснилось, заявительнице руководством учебного заведения было запрещено посещать занятия по причине ношения хиджаба. Инспектором Н.Сулаймановым была проведена встреча с руководством учебного заведения, классным руководителем заявительницы, даны разъяснения о недопустимости нарушения конституционных прав заявительницы и рекомендовано в срочном порядке решить вопрос о продолжении учебы заявительницы. На сегодняшний день заявительница продолжает получать образование, о чем сообщила в своем благодарственном письме в наш адрес.
Н.Сулайманов, инспектор Представительства Омбудсмена (Акыйкатчы) КР по Иссык-Кульской области.
Ардагерлерден Акыйкатчыга ак бата
Улуу Жеңиштин 65 жылдык майрамынын астында Кыргыз Республикасынын Акыйатчысынын кеңсесинде согуштун жана тылдын катышуучулары менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга Сабырбек Жекишев, Күмүш Суранова жана Бүбүйра Кыдыралиева келип катышышты.
Жолугушуунун катышуучулары арадан аз эмес мезгил өтсө да күнү бүгүнкүдөй ошол учурду эскерип беришти, албетте согуштун тагы жүрөктө түбөлүк калган. Талдай келсек, Улуу Ата Мекендик согуштун залакасы тийбеген бир да үйбүлө жоктур Кыргызстанда. Сабырбек Жекишов Сары өзөн Чүйдүн кулуну, согушка аттанганда 1944-жылы 18 жашка чыга элек жигит болгон. Согушка чейин ал Фрунзедеги ветеринардык фельдшерлер курсунда окуп жаткан. Улуу жеңишти жоокер С.Жекишов Берлинге жакын жерден тоскон. Беш жылдык жоокердик жашоо аны таптакыр өзгөрттү, ысык менен суукту, ачкалык менен жылаңач калуунун азабын жакшы эле тарттырып чыйралтты , аскерден кагылып-согулуп кайтты. Туулуп өскөн жерине аман келип, ветеринардык техник кесибин уланткан. Бүлө күтүп, 12 балалуу болгон, азыр бактылуу карылыктын убайын көрүп өмүр сүрүп жаткан чагы. Аксакал Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине согуштагы көргөн азап күндөрүнөн айтып берди. Сабырбек атанын кайраты, деми, жашоону жакшы көргөн үмүттүү күндөрү, албетте угуп отургандарды кайдыгер калтырбады.
Күмүш апа менен Бүбүйра апа болсо тылда күн-түндөп уйку көрбөй иштеген эмгектин алдыңкылары болгон. Күмүш Суранова айылдык кеңештен тарта СССР Жогорку Кеңешине дейре депутаттык кызматты аркалаган. Тырмактайынан тырмышып иштеп, советтик партиялык жана чарбалык жетекчи кызматтарга көтөрүлүп, мекенине ак кызматын өтөдү. «Эмгек Кызыл туу» ордени менен эки жолу сыйланган. «Баба-дыйкан», «Бакыт берген партия», «Өмүр чыйырым» сыяктуу бир канча китептери жарык көргөн. Бүбүйра апа болсо кыргыздын алгачкы билимдүү кыздарынан болуп саналат. Фабрикада жөнөкөй эле жумушчу болуп иштеп баштап, станокто иштөө эмне экенин көрдү.Кыздын тири карак экендигин байкаган кыраакы жетекчилер анын кесиптик-саясий билимдерин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүшөт. Ленинграддан окуп билим алган. Б.Кыдыралиева кыргыз тарыхында «Ата бейиттин» тарыхын ачкан инсан катары калды. Анын атасы Абыкан Кыдыралиев көз жумаарында кызына керез айтып кеткен: Чоң таштагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын көмүлгөнүн, акыры бир күн заман өзгөрүп,учуру келет, ошондо өлкө жетекчилерге билдир деген. Бүбүйра апа атасынын мына ушул аманат сөзүн канча кыйынчылыктар, аны түшүнбөгөндөр болсо да жеткирип, далилдей алды.
Жолугушуу учурунда Турсунбек Акун ардагерлерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, аларга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ыраазылык каттарын жана белектерин тапшырды. Андан соң Акыйкатчы өзүнүн иш бөлмөсүндө ардагерлер менен чай үстүндө кенен-кесир баарлашты.
Ардагерлер Акыйкатчыга жана анын эмгек жамаатына ийгиликтерди каалап, ак баталарын берип кайтышты.
Т.Шайдуллаева
Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы
Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзунун жеңишине 65 жыл толду. Жеңишти камсыз кылган ардагерлерибиздин катары суюлуп барат. Советтер Союзунун курамына кирген Кыргызстандан 72 жоокерге Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наам берилген.
9-май күнү көкүрөгүнө орден-медалдарын жаркырата тагынган ата-апаларыбыз майрамдын шаңына шаң, көркүнө көрк кошуп турушту.
Белгилүү ырда айтылгандай дары жыттанган бул майрамга-Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган митинг-реквием Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өттү. Анда Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орунбасары Алмазбек Шаршенович Атамбаев, Коргоо Министринин милдетин аткаруучу И.Исаков чыгып сүйлөштү. Алар арабызда улам азайып бараткан согуш ардагерлерин Улуу майрамы менен кызуу куттукташып, мамлекетибиз аларга мындан ары да кам көрөөрүн белгилешти. Азыркы муун Улуу жеңишти камсыздаган улуу муундардын алдында өмүр бою карыз экенибиз айтылды.
Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган эр азаматтарыбызды эскерип бир минуталык унчукпай аза күтүү болду.
Түбөлүк отко таазим этилип, гүлдестелер коюлду. Салтка айланган жоокердик 100 грамм менен ботко берилди.
Улуу Жеңиш майрамына келишкен балдарды, болочок жоокерлерди кубанткан көрүнүш -Аскердик техникалардын Аянтка жакын жерде каз-катар тизилип турушу болду. Келечектеги Мекен сакчылары аскердик техниканын жанында да, үстүндө да туруп сүрөткө түшүштү.
Прощай, мой брат кыргыз
О Дооронбеке Садырбаеве , которого близкие и уважающие люди просто называли- Доке. Можно говорить о нем как об артисте , писателя-поэта, режиссере и политике. Мне хочется рассказать о Человеке- Доке, ибо я не литераторовед или искусствовед. Мало кто помнит, что в 2000 году Доке решил стать Президентом страны. Подписи были собраны и ЦИК КР зарегистрировал его кандидатуру и тут Доке сделал поступок, которого никто не ожидал, он снял свою кандидатуру сделав заявление « Что, гонка бесполезна. Будет А. А. Акаев Президентом КР и не потому ,что народ считает его незаменимым ,а потому что он безальтернативен для акимов, губернаторов, министров и ЦИКа - которые, используя административный ресурс т. е. нарушая Конституцию и законы Кыргызстана, « сделают» Президентом Кыргызстана глубоко уважаемого ими А.А.Акаева, но тем самым окажут медвежью услугу и для страны и для Аскара Акаева». Пророческие выводы! Это подтвердилось 24 марта 2005 году. Часто Доке говорил о «ветрености» чиновников и вопрошал « А как иначе понять то, что они все были коммунистами, в одночасье стали демократами. Вместо портрета Президента страны у него в кабинете депутата ЖК КР висел портрет… Ильича. На вопрос - « Почему Ленин?»- Доке отвечал , « А что плохого он сделал для кыргызского народа ? Ведь благодаря ему не были истреблены не только наш, но и другие народы Российской империи.» (1916 г. считал геноцидом – прим. автора)
При СССР не был коммунистом, при «демократии» не « примазывался» к «Алга Кыргыз стан», а жил по совести, критикуя несправедливость, проходимство, воровство и карьеризм.
Вспоминаю рассказ очевидца одного случая в кулуарах Жогорку Кенеша. После бурных дебатов в зале заседания ЖК КР , в коридоре подошел к оппозиционерам пробелодомовский депутат и сразу же набросился со словами – «Что вы за люди ? Да такого Президента как Акаев еще надо поискать, да за него можно даже жизнь отдать.» Было это накануне праздника Курман- айт. На что Доке среагировал моментально- по Садырбаевски и сказал – « А что , ведь дело говорит, скоро праздник жертвоприношения ? Давай принесем его в жертву за здравие Президента ? Довольны будут все. Аскар Акаевич возрадуется узнав, что есть оказываются люди которые не только на словах , а на деле готовы за него идти на смерть. Сам депутат будет доволен, что сумел доказать свою преданность Аскар Акаевичу, а главное возрадуется баран за то, что остался жив.»
В названиях его книг прослеживается филосовское значение. Например « Казнить нельзя помиловать», где специально не поставлена запятая ни после слова « Казнить» или после слова « помиловать». Мне думается , что Доке оставил это право читателю, т.е. нам и не имел ввиду жизнь человека, которого император, царь, прокурор, судья и другие уполномоченные лица имеют право написать « Казнить, нельзя помиловать.» или « Казнить нельзя, помиловать.», а имел ввиду совесть, присущее каждому человеку. Ведь каждый человек имеет возможность, ссылаясь на всякие обстоятельства, казнить свою совесть - ради благополучия и богатства. Или – « Казнить нельзя ( имеется ввиду свою совесть ), помиловать.» и стать любимым и бессмертным - на подобие нашего Доке, который верил и писал:
–«И не приведи Господь оказаться человеку хоть в чем – то, хоть в самой малости своей, хоть мимолетно, не приведи Господь оказаться человеку без памяти. Вот почему я верю в свой народ, вот почему я надеюсь на вас, мои соотечественники».
Прощай, мой брат кыргыз.
Ниязалы Бекбердинов-
Советник Омбудсмена КР,
Председатель общественной Комиссии по реабилитации памяти Шерали Назаркулова, умерщего в результате политической голодовки.
(Статья была опубликована виюне 2008 г.ода на страницах газеты «Акыйкатчы»)
Ноокат окуясы боюнча айыпталгандар акталганда
2008-жылдын 1-октябрында Орозо-айт майрамын белгилөөдө болгон Ноокат окуясы боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Турсунбек Акун соттолгон бейкүнөө мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча бир топ аракеттерди жасаган.
2009-жылдын 30-январында Ноокат окуясын иликтөө боюнча көз карандысыз комиссияны түзүп, анын курамына Аппараттын кызматкерлери жана Акыйкатчынын алдында түзүлгөн укук коргоочулардын коомдук кеңешинин мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү киришкен.
Комиссия мүчөлөрү иш сапарына барышып, окуянын күбөлөрүнүн өз оозунан угушуп, бул коогалаңдуу окуя динге ишенгендердин укуктарын бузат деп айтып келген. Комиссия ишинин жыйынтыгы боюнча атайын маалымат жыйынын өткөрүшүп, иштин чыныгы абалын коомчулукка жарыялашкан.
Бул Комиссия Башкы прокуратурага, Жогорку соттун төрагасы, Ички иштер министрлигине, УКМК төрагасына бир нече ирет кайрылышып, соттук баш аламандык, кыйноолор жана Ноокат окуяларынын катышуучуларына карата мыйзамдардын одоно бузулушуна көңүлүн бурган.
Бирок чыркыраган чындык, акыйкаттык акырында минтип жеңди. Убактылуу Өкмөттүн декретине ылайык Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын шарапаты менен жогорудагы окуя боюнча соттолгондор эркиндикке чыгып олтурушат.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын офисинде мунапыска чыккандар укук коргоочулар менен жолугушуп, бул маселеге кайдыгер карабаган укук коргоочулардын талыкпаган аракеттерине ыраазычылык билдирди.
Сүрөттөрдө Акыйкатчы Аппаратынын кызматкери Заимр Өмүрзак уулу, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Төлөкан смаиловалар мунапыска туш болгон Ноокаттыктар менен жолугушуу учурунда.
Акыйкатчы Аппаратынын офисинин конференц-залында абактан жаңыдан бошошкон Ноокаттыктар күнөөсү жок туруп, ушунча азап чеккенине кейип олтурушту.
Сүрөттөгщ эне-баланын кубанычы койнуна батпай турган чагы. Бул бейкүнөө наристе абакта жарык дүйнөгө келип, абактын абасынан дем алып келген. Эми минтип азаттыкты биринчи жолу көрүшү.
Тяжкая доля женщин – заключенных
С целью изучения положения осужденных и заключенных, установления характера нарушений их прав группа правозащитников посетила женскую колонию №2 и СИЗО №50. Были проверены условия содержания заключенных, проведены беседы с заключенными женщинами.С их слов, в основном их права нарушаются во время следственных мероприятий, применением физического и морального насилия. А во время судебного процесса доказывать свою невиновность трудно, в связи с тем, что во всех соответствующих документах по делу стоят их подписи, которые были получены принудительно - путем пыток. Чтобы обратиться в это время с жалобой в различные инстанции у них не имеются возможности, порой элементарно из-за отсутствия ручек и бумаг для написания заявления. Зачастую и заявление-то отправить невозможно.
Так, одна из заключенных женщин заявила, что считает себя не виновной по предъявленным обвинениям, так как следователем следственные мероприятии не были проведены должным образом, напротив заставлял расписываться на чистых листах бумаги, прибегая к физическому насилию.
Другая женщина заявила, что признает себя виновной в совершении преступления только по одному факту, тогда как ей предъявлено обвинение в совершении нескольких преступлений. Некоторые заключенные признались, что многие из них юридически неграмотные и подписывали документы по указанию следователя, даже не вникнув в суть того, что там написано.
Заключенные женщины поделились мнениями о влиянии ареста на их судьбу и морально-психологическое состояние своих детей. У одной из них 4 несовершеннолетних детей. На вопрос, где ее дети находятся в данное время, ответила, что первый ребенок находится в России у знакомых, место- нахождение второго и третьего ребенка-неизвестно. Младшая дочь, которой 2 годика находится с золовкой, то есть с сестрой второго мужа, которая в настоящее время угрожает отобрать ребенка у нее. Свидетельство о браке со вторым мужем, за которого она вышла замуж после смерти первого мужа, не имеет. Дочь, родившаяся от него, носит ее фамилию.
Таким образом, во время отбывания срока наказания матерей большинство детей находятся в разных условиях, под огромным риском попасть в эксплуатацию к незнакомым людям или к родственникам, включающую детский труд, сексуальное насилие и торговлю детьми. Другой проблемой является то, что иногда осужденные женщины скрывают сведения о своем истинном месте нахождения от своих семей, не хотят, чтобы они знали об этом. Например, одна заключенная сообщила, что ее младшая дочь не знает, что ее мать находится в тюрьме и думает, что она уехала работать за границу.
В момент нашего посещения женской колонии в детском доме данной колонии находились 7 осужденных женщин с детьми, из них двое болели. При беседе с их матерями они сообщили, что детский педиатр осмотрела их детей, выдала лекарства и объявила карантин.
По словам начальника колонии и осужденных женщин, средства на питание и медикаменты отпускаются из государственного бюджета. Дополнительно от фермерского хозяйства данной колонии дети обеспечиваются молоком.
Что касается условий содержания, то жалоб на администрацию не поступило, они питаются 3 раза в день, все необходимые принадлежности есть, чисто, выводят на прогулки, разрешаются предусмотренные законом свидания. Со стороны администрации заключенные давления не испытывают, не подвергаются физическому, сексуальному моральному насилию, при необходимости оказываются медицинские услуги.
Во время беседы с вышеуказанными женщинами были даны юридические консультации по интересующим их вопросам. По выявленным проблемам и жалобам заключенных-женщин направлено письмо прокурору района.
Т. Абдрахманова, инспектор сектора по защите от насилия в семье и гендерной дискриминации
С. Уркунчиев, ведущий специалист отдела по защите прав лиц в пенитенциарных учреждениях и местах предварительного заключения
Растет доверие к правозащитникам
В Аппарат Омбудсмена поступили письменные обращения группы осужденных, в настоящее время отбывающих наказание в ИТК №16. Для встречи с заявителями и изучения состояния соблюдения прав заключенных в данном исправительном учреждении Московский район посетили я, как заведующий отделом по защите прав лиц, находящихся в пенитенциарных учреждениях и местах предварительного заключения и главный специалист нашего отдела Ойозбек уулу Т.
В ходе посещения указанного учреждения установлено, что ситуация с условиями содержания постепенно меняется в лучшую сторону, что подтверждают сами осужденные. Здесь налажено производство, осужденные обеспечены работой и получают зарплату за свой труд. Во время бесед не было не одной жалобы на условия содержания. У большинства осужденных, записавшихся на прием, вопросы касаются применения актов амнистий. Заключенных интересовали вопросы, связанные со снижением сроков наказания, о выходе на условно досрочное освобождение и о переквалификация статей Уголовного кодекса Кыргызской Республики, по которым они осуждены на более мягкие статьи.
В связи с этим, правозащитники основное время уделили юридической консультации и приему осужденных, которых было чрезвычайно много.
С этими же вопросами осужденные, разумеется, обращаются и в спец. часть учреждения, где получают соответствующие консультации, но, несмотря на это, многие осужденные, узнав, что приехали представители Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики, решили лично рассказать о своих проблемах и получить консультации именно у наших сотрудников.
Большой поток обратившихся за юридической консультацией к правозащитникам свидетельствует о том, что доверие к институту Омбудсмена среди осужденных очень высоко. Например, осужденный И. И-в обратился с просьбой оказать содействие в направлении его жалобы в органы прокуратуры, в связи с чем, учитывая просьбу заявителя, нами его жалоба была направлена в Генеральную прокуратуру Кыргызской Республики для рассмотрения по существу.
Прощаясь, осужденные просили правозащитников чаще приезжать и встречаться для проведения юридических консультаций.
Э. Чымыров, заведующий отделом по защите прав лиц в пенитенциарных учреждениях и местах предварительного заключения
Аскарбек Мамеев 70 жашта
Настоящий генерал
17-мая 2010 года исполнился 70-лет со дня рождения и 50-лет трудовой деятельности генерал-майора Мамеева Аскарбека.
В ряду нескольких десятков кыргызских генералов его имя стоит в отдельном почётном ряду. Скажем честно, за годы независимости высшие воинские звания сильно девальвировались, так как в удобном случае они присваивались кому не лень. Генерал Мамеев Аскар далекое исключение из этого ряда. Он является одним из единичных отечественных генералов, получившим это высокое звание на заре суверенитета с учётом его бесценного профессионального опыта, проявленного ещё в период советской истории Кыргызстана.
Генерал Мамеев А. – видный государственный деятель страны, один из самых авторитетных организаторов и руководителей КГБ – ГКНБ – КНБ – МНБ Кыргызской Республики, высокопрофессиональный чекист, внёсший неоценимый вклад в становление национальной спецслужбы.
Мамеев Аскарбек, сын простых крестьян, имеет богатую трудовую биографию – он прошёл путь от токаря крупнейших заводов им. М.В. Фрунзе и В.И. Ленина до заместителя Председателя КНБ, заместителя секретаря Совета безопасности Кыргызской Республики. В послужном списке генерала А.Мамеева также должности начальника управлений КГБ по Жалал-Абадской и Ошской областям, председателя Государственной Комиссии по контролю наркотиков при Правительстве Кыргызской Республики, Советника Региональной Антитеррористической структуры Шанхайской организации Сотрудничества.
Особо следует отметить международную деятельность генерала. Об этом свидетельствует его работа в структурах Шанхайской Органиизации Сотрудничества, многочисленные зарубежные поездки по заданию Правительства Кыргызской Республики – в Афганистан, США, КНР, Турцию, Иран, Сирию, Израиль, Филиппины, Малайзию, Египет и т.д.
Почётный сотрудник КГБ СССР генерал-майор А. Мамеев принимал активное участие в общественной жизни республики. Он избирался депутатом Иссык-Кульского, Ошского областных советов, членом бюро Ошского обкома партии, членом коллегии Жалал-Абадской и Ошской облгосадминистраций.
Чекистская принципиальность генерала А. Мамеева ярко проявилась в трагические дни межнационального конфликта в Ошской области 1990 году. Тогда генерал открыто заявил тогдашнему первому секретарю обкома партии У.Сыдыкову об его двуличии и об инициаторах этих конфликтов и мужественно в знак протеста подал в отставку с должности начальника областного Управления КГБ. По признанию Аскарбека Мамеевича, если бы руководство республики приняло бы к сведению неоднократные информации чекистов о предпосылках обстановки в г. Ош, то конфликт можно было бы избежать.
Генерал А.Мамеев имеет многочисленные государственные награды. Награждён грамотами Верховного совета Киргизской ССР, Почётной грамотой Кыргызской Республики и более 20-медалями СССР и Кыргызской Республики, в том числе медалями “За трудовое отличие” и “Данк”. Он является пенсионером за особые заслуги перед Кыргызской Республики.
Трудовая биография генерала А.Мамеева является образцом верного служения Отечеству. Его жизнь может служить ярким примером патриотического воспитания молодого поколения. Генерала связывала дружба со многими выдающимися людьми страны. В их числе бессменный руководитель Президиума Верховного Совета Киргизской ССР Турабай Кулатов, помощником которого в молодые годы пришлось поработать Аскарбеку Мамееву. Совместная работа и личная дружба связывала Аскарбека Мамеевича и с легендарным кыргызским чекистом, первым Председателем КГБ Киргизской ССР из числа кыргызов – генералом Жумабеком Асанкуловичем Асанкуловым.
В настоящее время, выйдя на заслуженный отдых, он продолжает служить интересам Отечества и его граждан, защищая их права, будучи одним из руководителей государственного правозащитного органа – Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики.
Таков настоящий генерал Аскарбек Мамеевич Мамеев – наш товарищ и коллега.
Баатырдын атын алыстан ук...
«Аты да Манас
турбайбы,
Заты да Манас
турбайбы»
Деп «Манас» эпосунда айтылгандай Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппаратында аты Аскар, чини генерал Аскарбек Мамеев иштейт. Ал кишинин баскан турганын, кишилерге жасаган мамилеси, тигил же бул маселе боюнча принципиалдуу позициясы Аппаратта иштеген жаш кызматкерлер үчүн үлгү. Адатта, тигил же бул маселе боюнча талаш суроолор келип чыкса «Генералдан сурап көрбөйсүңөрбү? Генерал эмне дейт болду экен?»-деп калышат.
Ал эми башка уюмдар, башка мамлекеттик органдарда иштегендер да ызаат, урмат менен Аскар Мамеевич, силерде иштейби?-деп сурап калышат.
Көп сүйлөбөгөн, аз сүйлөсө да саз сүйлөгөн, кол алдында иштеген кызматкерлерине талапты катуу койгон Аскарбек Мамеев 70 жашка келди.
Башкаларчылап, мен генералмын, мен 70ке чыгам. Менин тоюмду өткөрүп бергиле, демөөрчү болгула деп мурда өзү эмгектенген, эмгеги сиңген ведомствого, же өзү туулуп өскөн облус, район жетекчилерине кайрылса деле болмок.
ММКлардын баарысы ал тууралуу портреттик макалаларды берип, телевидение, радио интервьюларды алса болмок. Ал тургай бул кишинин жарым кылымдык эмгек жолун чагылдырган документалдуу тасманы тартып, элге тартуулоого кантип болбосун. Албетте болмок. Бирок нукура генерал буга барган жок, ал өзүнүн жупунулугун жана шаан шөөкөттөнбөгөн табиятын дагы бир жолу көргөздү.
Бирок ал анткен жок. Жакын туугандары, өзү эмгектенген жамааты куттуктагысы келсе да, «Өлкөдө мындай коомдук абал болуп турган учурда мен тойлоп олтурганым туура эмес», - деп токтотуп койду.
Бирок Аскар Мамеевдин 70 жылдыгынын урматына УКМКнын жамааты, анын жетекчилиги атайын чакырып алып, аны кутман курагы менен куттукташып, жылкысын миндирип, куттуктоо папкасын тапшырышкан.
Ал эми Акыйкатчы Аппаратынын жетекчилиги да генералга ызаат-урмат көрсөтүшүп, калпагын кийгизип, чепкенин жабышты.
Толкунданган Аскарбек Мамеевич ушул куракка чейин элүү жылдык эмгек жолун эл кызматына арнаганы тууралуу айтып өттү.
Акыйкатчы Турсунбек Акун, анын орунбасары Т.Боромбаева, бир кезде А.Мамеев менен кызматташкан В.Артемов, Н.Бекбердинов, К.Кожомкулов жана башкалар кызуу куттукташты.
Генералга бекем ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди каалашты. Буюрса өлкөбүздө мындан ары коомдук абал тынч болсо, ийгиликтин эрте кечи жок. Референдум өтүп, андан кийин жаңы парламент шайланган соң, генерал-майор Аскарбек Мамеевдин эмгегин эске салып, анын кутман курагын белгилөө, ага ызаат көрсөтүү турган иш.
Омбудсмен посетил СИЗО ГСНБ КР
17 мая 2010 года главный правозащитник страны Турсунбек Акун вместе со своими сотрудниками посетил СИЗО ГСНБ Кыргызской Республики с целью ознакомления с условиями содержания, состоянием здоровья и соблюдением прав задержанных в связи с событиями 6, 7 апреля и 12 мая 2010 года.
Во время посещения СИЗО ГСНБ КР Турсунбек Акун встретился с бывшим руководителем Аппарата Президента КР Жороевым К.Т., экс-депутатом Жогорку Кенеша Масалиевым И.А.и другими, и провел беседу с ними.
В ходе встречи со стороны задержанных на условия содержания в СИЗО ГСНБ и на сотрудников СИЗО претензий не имелось. Все задержанные обеспечены адвокатами. Экс-руководитель Аппарат Президента КР Жороев К.Т. и экс-депутат ЖК КР Масалиев И.А. в апелляционном порядке подали заявления в Судебную коллегию по уголовным делам и делам об административных правонарушениях Бишкекского городского суда, которые будут рассматриваться на днях. Следствие по делам задержанных ведется следователями следственного управления ГСНБ и Генеральной прокуратурой Кыргызской Республики.
Следует отметить, что в свое время при задержании лидеров оппозиции Омбудсмен их посетил десять раз, оказал им моральную и правовую поддержку.
Справка: по закону Кыргызской Республики «Об Омбудсмене (Акыйкатчы)», Омбудсмен не имеет право вмешиваться в процесс следствия, но имеет право наблюдать за его ходом.
Тур, улуу журт!
Көп кырдуу таланттын ээси калемгер Меңди Мамазаирова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын алдында түзүлгөн адабият, маданият жана искусство маселелери боюнча коомдук кеңештин мүчөсү. 2009-жылы декабрь айында Акыйкатчы Аппараты тарабынан өткөрүлгөн иш-чарада Меңди эже өзүнүн «Тур, улуу журт!» деген поэмасынан үзүндүнү окуганда зал жапырт кол чаап, патриоттук духта жазылган бул чыгарманы өтө жылуу кабыл алышкан.
Жакында «Турар» басмасынан акын эженин «Тур, улуу журт!» деген аталыштагы ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көрдү. Меңди эженин кезектеги китебинин жарык көрүшү менен куттуктап, ага чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Төмөндө аталган поэмадан үзүндүнү поэзия ышкыбоздоруна тартуулайбыз.
Кең Ала -Тоом…Кыргызга Эне,Атасың,
Калка болуп түбөлүк келатасың.
Жер жүзүндө расмий мамлекетим,
Улутумдун тааныткан тек, атасын.
Жер шарынын дүйнөлүк картасында,
Кичине бир нокотсуң көзгө илешпес.
Дүбүртүңөн дүйнө ойгонгон-Азияда,
Өжөр элсиң, эрегиште кегин бербес!...
Эне тууган уулдар барсыңарбы:
Чалкеш, татаал заманда «Элим» деген.
Ааламдашуу мойсоодо жакшыңарды,
Уруу дебей УЛУТТУН камын жеген.
Тайгак кечүү, тар жолдон нук издеген?
Зуулдаган мезгилдин азуусунан,
Арачалап элиңди сактап калаар.
Сактап калаар келаткан кесепеттен,
Жоголуунун араанынан арачалаар,
Руксуздук сүрүлүүдөн алып калаар?
Тур, улуу Журт! Көтөрүл, мезгил эмес,
Кайым айтып машташып жатуучу жай,
Өркөнү өскөн, иш билги элге теңеш,
Кетип жатат башкалар өрдү карай!
Тур, улуу журт! Көтөрүл, карайлабай:
Асыл денде данектүү жаның барда,
Кыл тамырда кыпкызыл каның барда,
Ала-Тоодой түгөнгүс демиң барда,
Ысык-Көлдөй жүзүңдө калың барда.
Руху бийик Манастай кебиң барда,
Хан –Теңирдей урагыс белиң барда,
Түгөнөөрдө түтөгөн элиң барда,
Түбөлүккө баштаган тегиң барда.
Мезгил эмес, жайланып жатуучу жай,
Көтөрүлгүн улуу журт, өрдү карай.
Ала-Тоомдон көрүндү үмүттүү нур,
Тур, улуу журт!
Көтөрүл, карайлабай!
Меңди Мамазаирова, акын.
октябрь, ноябрь, 2009-жыл.
Мыйзамдуулук сакталбаса - адам укугу корголбойт
Жалал-Абад шаары менен Сузак районунда болуп өткөн айрым окуяларга саресеп салып, бул неден келип чыкты? Сөзсүз эле саясатчылар же ниети бузук адамдар күнөөлүүбү? Башкаларчы?- деген суроолордун тегерегинде ой жүгүрткүм келет. Албетте, болуп өткөн окуяларга айрым бир ниети бузук адамдардын күнөөсү бар. Элди козутуп, дүрбөтүп, жалпы коомчулуктун үшүн алган чакырыктар жана билдирүүлөрдү таратуу, башка тараптын бүйүрүн кызыткан кептерди айтып чыгуу, айтор ушулардын баары көз алдыбызда болду. Сөзсүз элди артынан ээрчитип кеткендер, бир тарапты экинчисине каршы койгондор болду. Мындай аракеттер ачык көрүндү. Бирок мындай адамдар бардык жерде бар, мисалы, бардык мамлекеттерде бар. Кептин баары коомчулуктун, жамааттардын акыл-эстүү, биримдиктүү аракеттеринде болуп жатат. Ким бирөө чакырык жасаса эле артынан ээрчип кете бериш керекпи? Же бирөөнү бирөөгө тукурса эле, көчөгө курал кармап чыга бериш керекпи? Коомубузда акыл-эстүүлүк болушу керек. Ушул жагынан катуу аксадык. Акыл менен чече турган жерде эмоцияга алдырып жаттык. Анан эмоцияга алдырган сүрмө топту токтото турган лидерлерибизди көрө албай шаштыбыз кетти. Болуп өткөн окуялар коомубузда орун алган бир катар кемчиликтердин жүзүн ачты десек болот. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, Жалал-Абадда маалымат вакууму орун алды. Жергиликтүү телевидение иштебей туруп калды, борбордогулар бир жактуу маалымат берип жатышты. Мындайда ниети бузук адамдар пайдаланып кетишти.
Кишилер набыт болуп, жаракат алган жерде адам укугу тууралуу айтуу кыйын. Мына апрель окуяларынан кийин Убактылуу Өкмөт Кыргызстандыктардын саясий, социалдык жана башка укуктарын калыбында сактап турууга аракет кылып жатат. Айрыкча коопсуздук маселелеринде. Бирок ага мүмкүндүк беришпей жатат да. Улам эле митингдер, нааразылык акциялары, карама-каршы туруулар, бийликти басып алуу аракеттери боло берсе, өкмөттүк күчтөр кантип, кай жагына жетишет. Айрыкча ушул кезде милиция органдарынын кызматкерлеринин айрым бир пассивдүүлүгү да билинип жатат. Ошентсе да акыркы кездерде алар коомдук коопсуздук үчүн кыйла жанданып, жакшы иштеп беришти. Мына ушундай шартта адам укугу тууралуу айтуу кыйын.
Мыйзамдуулуктун сакталышы тууралуу айтсак, бардык жерде, бардык коомдордо, бардык мамлекеттерде коомдук коопсуздуктун, адам укуктарынын сакталышынын бир негизги шарты бар. Ал-мыйзамдуулуктун сакталышы. Азыр Убактылуу Өкмөт жарандардын социалдык укуктарын камсыздоого аракеттенүүдө. Элге пенсия, пособие, эмгек акыларды берүү керек. Андан башка канчалаган камкордуктар бар. Ошол эле кезде ар кайсы жерде коомдук тартип бузулуп, адам укугу сакталмак турсун, адамга түз зыян келтирилип жатат. Көрсө, бизде укуктук аң-сезим өнүкпөптүр, башкалардын укуктары тууралуу ойлобойт экенбиз. Эгерде бизде укуктук аң сезим бийик болсо, башка амбицияларга же кызыкчылыктарга алдырбасак, мындай ахыбалга түшпөйт эле. Ошондуктан, укуктук маданиятты көтөрүү жагын дайыма эске ала жүргөнүбүз жакшы. Эгер сөздүн чынын айтсак, жапайылык үстөмдүк кылып жатпайбы. Бирөөнүн менчигин басып алуу, бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирүү, өмүрүнө кол салуу адаттагы көрүнүшкө айланып баратат. Ушунун өзү биздин коомдун деңгээлин, жалпы ахыбалын көрсөтүп турбайбы. Азыр жаштар карылардын кебине кулак салбайт, жаштарга сөзү өткөн карыларыбыз да көрүнбөйт. Анан бизде тартипсиздиктин болушу табигый көрүнүш да. Бирок коомду өнүктүрүү, аны тарбиялоо зарыл. Бул биринчи кезекте мамлекеттин, ар бир инсандын милдети.
Мен жогоруда мыйзамдуулук болушу керек деп айтып өттүм. Баарыбыз мыйзамга, тартипке баш ийишибиз керек. Ким мыйзамды бузса, ким экенине карабай жооп бериши керек. Ошондуктан биздегидей өткөөл мезгилде коомдо мыйзамдын диктатурасын орнотуу, баары ага баш ийүүсү талапка ылайык. Ансыз мүмкүн эмес. Биз дайыма коомду тарбиялоо тууралуу көп айтабыз, карылар жаштарды тарбияласын дейбиз. бирок, аракеттер билинбейт, натыйжа жок. Мунун баарысы идеологиялык маселелер. Ошондуктан мындан ары жаштарды тарбиялоо, коомдук баалуулуктарды карап чыгып, аларды тарбиялоо жагы биринчи кезекте эске алынышы шарт. Курсак тоет, тирилик өтө берет, бирок тарбия жагын жөн коюп койсо эле боло турган нерсе эмес. Ушул жагын унутпашыбыз керек.
Кызмат абалыма байланыштуу 13-14-май күндөрү болуп өткөн окуяларга күбө болуп, окуялардын кызуу жайларында жүрдүм. Ошол күндөрү түнгө чейин топтошкон элди таратуу менен алек болдум. Айрым бир терс аракеттердин жолун тосуп, адамдарды акыл-эске, сабырдуулукка чакырууга аракет кылдым. Кээде аракетим оңунан чыкса, айрым аракеттерим текке кетип жатты. Иши кылып, жөн отуруп калганым жок. Анан мен эмнени байкадым, кечки саат тогуздар чамасында шаарда жаш балдар тарабай, шаардын жай турмушун бузуп турушту. Дагы бирдеме болуп кетпесин деп, аларды таратууга аракет жасап жүрдүм. Же алар тил алышсачы... Ошондо мен өздөрүн лидер санап, элдин үстүндө жүргөн инсандардын кай жакта жүргөнүн, ушундай учурда коомдун коопсуздугу үчүн аракет кылбай эмне кылып жүрүшкөнүн билбей айлам куруду. Ошол кезде аял башым менен түнгө калып, чыркырап чуркап жүрсөм, элдин урматына арзып жүрүшкөн кишилер тартип орнотууга табылбай калганына таң калдым.
Ошол окуяларда элдин тынчтыгын камсыз кылуу үчүн түздөн-түз чуркап жүргөн адам катары мен Кудай берген өмүрдү, ден соолукту аяп, өзүбүздүн, балдарыбыздын тынчтыгын сактагыла, биздин бир мүнөт амандыгыбыздын баасына эч нерсе жетпейт демекчимин. Биздин ырыскыбыз-ынтымактуу жашообузда. Тынчы кеткен жерден ырыскы да кетет. Ошол себептен бири-бирибизди сыйлайлы, урматтайлы, бири-бирибизди сактайлы, барктайлы. Кечиримдүү бололу. Ошондо бизге оомат келет, жакшырат, кубанычыбыз коюн-кончко толот. Араздашкандан тажагандай эле болдук го. Ар бирибиз тынчтыкты, ынтымактыкты өзүбүздөн баштайлы.
Ушул жагдайда массалык маалымат каражаттары коомдогу түзүүчүлүк жакшы иштерге, элдердин ынтымагына данакер болуп беришсе деген тилек. Себеби азыркы биздин коомдо маалыматтын мааниси өтө жогору.
А.Аманова
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Кош бол, Азамат
Күлгүндөй болгон курагында 28 жаштагы Азаматты шум ажал арабыздан алып кетти.
Азамат Ниязалиев 1982-жылдын 20-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында төрөлгөн.
КР ИИМинин Академиясын кылмыш иликтөө оперкызматкери адистиги боюнча аяктап, ага “юрист” квалификациясы берилген. 2004-жылдан тартып КР ИИМ тармагында иштеген.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында 2008-жылдын февраль айынан тартып иштеп келе жаткан. Ал Акыйкатчынын жардамчысы, Мониторинг жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн эксперти, соңку иштеп жаткан кызматы Уюштуруу иштери жана кызматташтык бөлүмүнүн эксперти эле.
Ал ээлеген кызматы боюнча аттестациядан ийгиликтүү өтүп, ага мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси чини берилген.
Ал эмгек жамаатында өзүнүн жөнөкөйлүгү, жупунулугу, кичипейилдиги, улуу-кичүүгө бирдей мамилеси менен айырмаланчу. Артында аялы, 2 айлык уулу калды.
Кош, Азамат! Артың кайырлуу болсун!
Сенин жаркын элесиң кесиптештериңдин жана Акыйкатчыга кайрылган арыз ээлеринин эсинде түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын
Акыйкатчысынын
(Омбудсменинин)
эмгек жамааты
|