Франциянын Кыргызстандагы элчиси Акыйкатчы Институтунун кеңсесине келди

02/02/2026 - 16:18

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай адам укуктарын коргоо жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. 

Элчи Акыйкатчы Институтунун кеңсесине иш сапары менен келди. 

Жолугушууда Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы жана институттун ишмердүүлүгү туурасында сөз болду. 

Жамиля Жаманбаева элчи менен жолугушууну адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатындагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары бекемдөөгө багытталган ачык жана конструктивдүү диалогго багытталган мүмкүнчүлүк катары баалады.

“Эл аралык кызматташтык - Акыйкатчы Институтунун ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү. Биз башка мамлекеттердин омбудсмендери жана укук коргоо институттары менен активдүү кызматташып, мамлекеттер аралык диалогду адам укуктары жаатында өнүктүрүүгө салым кошуп келебиз. 
Франциянын адам укуктарын коргоо тармагындагы институционалдык өнүгүүсү жана бай тажрыйбасы бизге жакшы маалым.
Бүгүнкү диалог кызматташуубузду мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болот деп ишенем”, — деди Акыйкатчы.

Николя Фай Франциянын Омбудсмени менен байланыш жана алака түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

“Франция адам укуктарынын баалуулуктарын ырааттуу колдойт жана бул багытта Акыйкатчы Институту менен кызматташууну өнүктүрүүгө даяр”, — деп белгиледи элчи.