Акыйкатчы Институту “Ден соолукка укук” аттуу эл аралык чыгармачылык сынак жарыялайт

27/04/2026 - 11:48

Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту “Ден соолукка укук” аттуу эл аралык чыгармачылык сынак жарыялайт. 

Сынак “Ден соолукту коргоо” жылына арналган жана калк арасында сергек жашоо образын калыптандырууга, жарандардын өз ден соолугуна жоопкерчилигин жогорулатууга, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы адам укуктары боюнча билимдерди жайылтууга багытталган.

Сынакка КМШга мүчө мамлекеттердин аймагында жашаган жарандар катыша алат.

Сынак эки этап менен өткөрүлөт:
— улуттук (тандоо) этабы – 2026-жылдын 1-майынан 31-августуна чейин;
— эл аралык (финалдык) этап – 2026-жылдын 1-сентябрынан 15-ноябрына чейин.

Улуттук (тандоо) этабынан тандалып алынган мыкты эмгектер эл аралык (финалдык) этапка катышууга мүмкүнчүлүк алат. 

Эл аралык этапка ар бир мамлекеттен ар бир номинация боюнча эки жаш категориясы боюнча 10дон ашпаган мыкты эмгектер тандалып алынат.

Сынактын улуттук (тандоо) этабына катышуу үчүн катышуучулар белгиленген форма боюнча арыз тапшырышы керек.

Катышуучулардын арыздары жана иштер төмөнкү номинациялар боюнча кабыл алынат:
— «Эң мыкты эссе»;
— «Эң мыкты видеосюжет»;
— «Эң мыкты фотосүрөт»;
— «Эң мыкты сүрөт».

Сынак эки жаш категориясы боюнча өткөрүлөт:
— балдар категориясы (14 жашка чейин);
— чоңдор категориясы (14 жаштан жогору).

Бул сынак катышуучулардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда гуманитардык жана укук коргоо тармагындагы кызматташууну чыңдоого багытталган маанилүү аянтча болот.

Сынак КМШнын Адам укуктары боюнча комиссиясы менен биргеликте уюштурулууда.

Сынакка катышуу үчүн akyikatchy@ombudsman.kg почтасы аркылуу эмгектериңиздерди жөнөтсөңүздөр болот. 

Сурап-билүү номурлары  +996 708 708 9 10, 0312 59-50-23.



Дополнительные материалы:

File konkurs_kmsh_zhobo.docx