Акыйкатчы Институтуна алимент өндүрүү боюнча кайрылгандардын саны эки эсеге өстү

28/04/2026 - 09:59

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдардын көңүлүн алимент өндүрүү көйгөйүнө бурат жана баланын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө чакырат. 

Акыйкатчы учурда иштеп жаткан алимент өндүрүү механизми жетиштүү натыйжа бербей, жарандар ата-энелик жоопкерчиликтен качып, баланын укуктары толук корголбой, маселе массалык социалдык көйгөйгө айланып бара жатканын белгилейт.

Жамиля Жаманбаева Конституцияга ылайык бала – мамлекеттин коргоосуна алынганын, балага кам көрүү ата-эненин укугу жана милдети экенин баса көрсөтөт. 

Акыйкатчы Институтуна алимент өндүрүүдө жаралган көйгөйлөр боюнча кайрылуулардын саны өсүүдө. Алсак, 2024-жылы институтка алимент маселеси боюнча 30 кайрылуу келсе, 2025-жылы алардын саны 56га жеткен. 

Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен 4 жаранга жалпы суммасы 200 миң сомдон ашык каражат өндүрүлүп берилип, ата-энелик милдетин аткаруудан баш тарткан бир карызкор кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Бул маселенин актуалдуулугунан улам, институт 2025-жылы сот чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүздү. 

Иликтөөдө Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын жана Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына талдоо жүргүзүлгөн. Андан тышкары, соттор, ИИМдин өкүлдөрү, сот аткаруучулар, адвокаттар, ошондой эле алимент өндүрүү көйгөйлөрүнө  кабылган аялдар менен маектешүү жана сурамжылоо өткөрүлдү. 
 
Белгилей кетсек, алимент өндүрүү боюнча кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Мисалы, Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, 2025-жылы алимент өндүрүү маселелери боюнча юридикалык жардам алуу үчүн 823 адам кайрылган, алардын ичинен 49у эркек, ал эми 774ү аялдар.

Сурамжылоонун жыйынтыгы алимент өндүрүүдө олуттуу системалык көйгөйлөрдү көрсөттү. 

Акыйкатчы Институтунун сурамжылоосуна катышкан 20 судья 2024-жылы караган иштеринин 70 пайызы алимент өндүрүүгө байланышканын айтышкан.  

Бул алимент өндүрүү жолу соттук териштирүүсүз ишке ашпай, ата-энелик милдеттин мыйзам чегинде аткаруу маданияты өнүкпөй, балага каражат бөлдүрүү үчүн жарандар соттук процессти баштан өткөрүп жатканын билдирет.

Соттун чечими чыгарылган менен алардын басымдуу бөлүгү ишке ашпай жатат. Бул алиментке байланыштуу негизги көйгөйлөрдүн бири. 

Белгилей кетсек,  Акыйкатчы Институтуна кайрылган арыз ээлеринин бардыгынын колунда сот чечими болгон жана ал учурда алар аткарылган эмес. 

Мисалы, сурамжылоого катышкан 20дан ашык сот аткаруучу  сот өкүмүнүн 60 пайызы аткарылбай калып, 10 пайызы боюнча гана алимент төлөнүп жатканын моюнга алышкан. 

Сот аткаруучулар кызматынын статистикасына таянсак, 2024-жылы   36 613 чечим боюнча 4 152синен гана алимент өндүрүлгөн. 2025-жылдын аягында баласына акча бөлдүрүү боюнча иштердин саны 60 миң 720ке жеткен. 

Иликтөөнүнүн жыйынтыгы, алимент өндүрүү механизмдери алгылыктуу натыйжа бербей жатканын көрсөттү. Өндүрүүчүлөр сот чечимдеринин аткарылышын жылдап күтүшсө, сот аткаруучулар карызкордун активдерин аныктоо мүмкүнчүлүгү жок экенин  айтышат. 

Ал арада бала бой жетип, алимент өндүрүү иши токтотулат. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматында, 2025-жылдын жыйынтыгы менен 1543 иш боюнча бала 18ге чыккандыктан өндүрүү аракети токтотулган.

Адвокаттардын айтымында, бул маселеге сот аткаруучулардын кайдыгерлиги, же коррупциялык фактор дагы өз салымын кошууда. 

Алименттен качуу үчүн карызкор жасалма “жумушсуз” болуп, чыныгы кирешесин жашырып, мүлкүн туугандарына каттатып, өзү чет өлкөгө чыгып кетет.  

2025-жылы карызкорлордун 99 пайызы (2024-жылы 72 %) расмий жумушсуз болгон. Бул көйгөйлөрдөн улам алимент аз өлчөмдө төлөнүп, баланын социалдык абалына, жашоо шартына чоң кедерги тийгизип, укуктарынын орой бузулушуна алып келүүдө. 

Ата-энелик милдеттен качкан жарандар чанда жоопкерчиликке тартылат.

Алимент төлөөдөн баш тарткан кырызкорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушу менен өткөн жылы укук коргоо органдарына 604 иш жөнөтүлгөн. Бирок, анын 368ине гана кылмыш иши козголуп, калган 236сына иш козгоодон баш тартылган. 

Ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери карызкорлорду жоопкерчиликке тартуу татаал экендигин айтышат. Алардын  айтымында, карызкорлорду издөөдөгү негизги кыйынчылыктар катары алардын чет өлкөгө чыгып кетиши (77,8%), жашаган жерине байланыштуу актуалдуу маалыматтын жоктугу (61,1%) жана телефон номерлерин тез-тез алмаштыруусу (55,6%) себеп болууда. 

Сот аткаруучу кызматынын маалыматында, учурда алимент төлөөдөн качып жүргөн 1 205 жаранга  издөө жарыяланган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтердин негизинде Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине бир катар сунуштарды жөнөттү.