Акыйкатчы Институту адилеттүү соттук териштирүү укугун бекемдөө боюнча стратегияны иштеп чыгууну демилгелөөдө

08/06/2026 - 10:19

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту адилеттүү соттук териштирүү укугунун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегияны иштеп чыгууну сунуштайт.

Акыйкатчы Институту тарабынан “Кыргыз Республикасында адилеттүү соттук териштирүү укугун бекемдөө боюнча мамлекеттик органдардын, укук коргоо институттарынын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү” темасында диалог уюштурулду.

Талкууга Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Регламент боюнча комитетинин төрайымы Гүлнара Акимбаева, БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азия боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Эннио Боати, ошондой эле сот бийлигинин, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу уюмдар жана Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү катышты.

Акыйкатчы адилеттүү соттук териштирүү укугу жарандардын негизги укугу жана бул башка укуктар менен эркиндиктерди коргоонун эң маанилүү кепилдиги экенин айтып өттү.

“Сот тутуму көз карандысыз, адилеттүү иш алып барса,  жарандардын мамлекетке жана мыйзам үстөмдүгүнө болгон ишеними артат ”, — деп баса белгиледи Жамиля Жаманбаева.

Диалогдун жүрүшүндө катышуучулар судьялардын көз карандысыздыгы жана тараптардын тең атаандаштык принциптери, соттук көзөмөлдүн натыйжалуулугу, санариптештирүү, процесстин катышуучуларынын укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу, ошондой эле калктын аярлуу катмарлары үчүн сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүктөрү талкуулашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Акыйкатчы Институтунун алдында адилеттүү соттук териштирүү укугун камсыз кылуу маселелери боюнча туруктуу иш алып баруучу мекемелер аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жумушчу топтун курамына Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, адвокаттардын, жарандык сектордун (ротациялык негизде) өкүлдөрү жана Акыйкатчы Институтунун эксперттери кирет.

Жаза аткаруу кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү зарыл учурда өзүнчө маселелерди талкуулоого тартылат.

Ошондой эле жумушчу топ адилеттүү соттук териштирүү укугунун стандарттарын илгерилетүү боюнча стратегиянын долбоорун даярдоо менен алектенет.

2025-жылы Акыйкатчы Институтуна сот өндүрүшүнө байланыштуу маселелер боюнча 816 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 572си сот процесстерине мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган