Оштогу Тергөө абагында кармалган жаран Акыйкатчыга арызданды

09/06/2026 - 15:20

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Ош облусунудагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №25 тергөө абагында кармалып турган А.у.Т. аттуу жарандан кабар алды. 

Белгилей кетсек, 5-июнда социалдык тармактар аркылуу жактоочу Ж.К.  Акыйкатчыга кайрылып, А.у.Тнын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралып жаткандыгы тууралуу билдирген. Анын айтымында, А.у.Т.га карата коркутуулар, психологиялык басым көрсөтүү жана физикалык зомбулук колдонулган.

Ошол эле күнү Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ош шаарындагы тергөө абагына барып, жактоочу менен биргеликте абактагы жаран менен маектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.у.Т. №25 мекеменин жетекчисинин орун басары ага карата психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөткөнүн айтты. 

Абактагы жаран Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага арыз менен кайрылып, өзүнүн укуктарын жана жеке коопсуздугун коргоону камсыздап берүүнү өтүнгөн.

Ошонун негизинде, Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурага арызда көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча текшерүү жүргүзүүнү жана укуктук баа берүүнү өтүнүп расмий кат жолдоду. 

Мындан тышкары, Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүү жана ырайымсыз мамиленин мүмкүн болгон белгилерин документтештирүү үчүн Ош шаарынын саламаттык сактоо боюнча координаторуна кайрылуу жөнөтүлдү.

Эске салсак, А.у.Т. 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү, 338-беренесинин 2-бөлүгү, 337-беренесинин 2-бөлүгү жана 343-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Ноокат райондук соту тарабынан соттолгон.