Акыйкатчы Ак-Суу районунда өзүн өрттөп каза болгон аялдын балдарынын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөдө 

11/06/2026 - 10:29

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өзүн өрттөп каза болгон аялдын жашы жете элек төрт баласынын абалын жана алардын укуктарынын камсыздалышын көзөмөлдөөнү улантууда. 

Акыйкатчы Институтутунун Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери социалдык кызматкерлер менен биргеликте балдардын жашоо шарттарына жана социалдык абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп, ар жума сайын кабар алып турушат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Ак-Суу районунда өспүрүм кыздын кош бойлуу болуп калгандыгына байланыштуу апасы кызы менен бирге милиция бөлүмүнө суракка чакырылат. 40 жаштагы аял райондук ички иштер бөлүмүнүн астындагы унаа токтотуучу жайда өзүн өрттөп, алган жаракатынан каза болгон.

 

Маркум 4 баласын жалгыз тарбиялап келген. 

Учурда 3 баласы атасынын камкордугуна өткөрүлүп берилген. Ал эми кенже кызы экинчи никеден төрөлгөндүктөн, ал да өз атасы менен жашайт. 

Ак-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын маалыматына ылайык балдарга энеси каза болгон күндөн тартып «Багуучусунан ажырагандыгы боюнча» жөлөк пул дайындалып, ар бирине ай сайын 3 300 сомдон төлөнүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык,  аталган окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында тергөөгө чейинки текшерүүдө кемчиликтерге жана кызматтык тартипти бузууга жол берген кызматкерлерге тартиптик чаралар көрүлгөн. 

Белгилей кетсек, Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бул каргашалуу окуядан кийин төрт баланын энесинин өлүмүнө байланыштуу текшерүү жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. 

Андан сырткары, маркумдун артында калган балдардын укуктарын коргоо, алардын кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана социалдык колдоо көрсөтүү боюнча бардык тиешелүү мамлекеттик органдар комплекстүү чараларды көрүүгө тийиш экендигин белгилеген..