Кыргызстандын Акыйкатчы Институту менен Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кызматташуу меморандумуна кол коюшту

22/06/2026 - 14:32

Кыргызстандын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева менен Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозода кызматташуу меморандумуна кол коюшту. 

Белгилей кетсек, бул эки өлкөнүн адам укуктарын коргоо институттарынын ортосундагы адам укуктарын коргоо жаатындагы биринчи кызматташуу келишими. 

Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин аймактарында жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу тууралуу маалымдоону,  бул боюнча кайрылууларды кароону жана өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде бузулган укуктарды калыбына келтирүүгө жардамдашууну макулдашты. 

Жамиля Жаманбаева менен Умед Бобозода эки өлкөнүн жарандарын биргелешип кабыл алуу, мониторингд жана укуктук кеңеш берүү боюнча иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. 

«Бул тарыхтагы биринчи меморандум жөн гана декларативдик документ болуп калбайт деп ишенем. Ал адам укуктарын коргоонун күн сайын иштеген, тирүү куралына айланат. Мындан ары эки өлкөнүн жарандарынын кайрылууларын ыкчам кароо үчүн укуктук негиз пайда болду», — деди Акыйкатчы. 

Умед Бобозода Тажикстан менен Кыргызстандын бардык кызматташуу багыттары боюнча көп кылымдык коңшулугун жана тыгыз байланыштарын белгиледи. 

«Биздин кызматташтык жарандардын кызыкчылыгын коргоодо жакшы жыйынтык алып келет деп ойлойм», — деп баса белгиледи Тажикстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.

Эртең, 23-июнда, Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин адам укуктарын коргоо боюнча улуттук органдарынын биринчи консультативдик жолугушуусу өтөт.

Иш-чарага Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана мамлекеттердин улуттук адам укуктарын коргоо мекемелеринин жана мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышат.