Акыйкатчы Институтунун мониторингинен кийин «Кадамжай» чек ара заставасынын кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлдү
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту июнь айында Баткен облусунун “Кадамжай” чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан аскерлердин укуктарынын сакталышына жана уставдан сырткаркы мамилелерди алдын алуу максатында мониторинг жүргүздү.
Алгачкы мониторингдин жүрүшүндө азык-түлүк сактоочу кампада жана ашканада санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулгандыгы аныкталып, жооптуу кызмат адамдарына буга чейин, оозеки эскертүүлөр берилген.
26-июнь күнү аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери аталган чек ара заставасына кайрадан барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө мурда аныкталган мыйзам бузуулардын айрымдары дагы деле жоюлбаганы белгилүү болду.
Тактап айтканда, күнүмдүк даярдалган тамак-аштан милдеттүү суткалык пробалар алынбагандыгы, ошондой эле азык-түлүк сактоочу кампада кыска мөөнөттө сакталуучу помидор жана бадыраңды сактоо эрежелери бузулуп, алардын жараксыз абалга келе баштаганы аныкталды.
Бул жагдайлар аскер кызматкерлеринин саламаттыгына коркунуч келтирип, Кыргыз Республикасынын «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» Мыйзамынын 57-беренесинин талаптарын бузат. Аталган мыйзамга ылайык, коомдук тамактанууну уюштуруу адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болууга тийиш.
Ошону менен катары эле жоокерлердин жатаканасына, мончого, окуу бөлүмүнө жана медициналык пунктуна да текшерүү жүргүзүлгөн.
Чек ара заставасынын имараты эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж абалда.
Ошондой эле, жоокерлер жуунуучу мончонун абалы өтө начар болуп, санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей турганы маалым болду.
Аныкталган мыйзам бузуулардын негизинде Акыйкатчы Институту Мамлекеттик чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн жетекчилигине санитардык-эпидемиологиялык кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды тез арада четтетүү, жооптуу кызмат адамдарынын тартиптик жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштама жөнөткөн.
Жыйынтыгында, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн чек ара заставасынын башчысына эскертүү, жумушуна кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн 4 аскер кызматкерине “сөгүш” берилгени маалым болду.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту 2026-жылдын алты ай аралыгында жалпы республика боюнча 38 аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзгөн.