Акыйкатчы Институтунун алдында коомдук кеңеш түзүлдү

04/09/2026 - 09:35

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун демилгеси менен коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму болуп өттү.

Отурумдун жүрүшүндө адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы актуалдуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин мындан аркы ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди.

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү Акыйкатчы Институтунун жарандык коом, эксперттик коомчулук жана укук коргоо уюмдары менен өз ара кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталганын белгиледи.

“Коомдук кеңештин курамына жарандарын укуктарын коргоо жаатында тажрыйбасы мол инсандар кирди. Кеңештин мүчөлөрүнүн кесиптик билими жана иш тажрыйбасы адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга жана коргоого байланышкан көйгөйлөрдү кыйла терең жана объективдүү кароого мүмкүндүк берет деп ишенем”, — деди Акыйкатчы.

Отурумдун жүрүшүндө “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова коомдук кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Назгүл Турдубекова Акыйкатчы Институтунун жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү багытындагы алгылыктуу иштерин белгиледи. Ошондой эле институт тарабынан социалдык жана жабык мекемелерде мониторингдер ыкчам жүргүзүлүп жатканын дагы айтып өттү. 

Ал Акыйкатчы Институтуна аймактарга мониторингдерди коомдук кеңештин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүүнү сунуштады.

Ал эми укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштамаларын аткаруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Мындан тышкары, ал жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана экологиялык укуктарын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин сунуштары институт үчүн маанилүү экенин белгилеп, алар мамлекеттик органдарга сунуштамаларды даярдоодо жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууда эске алынарын билдирди.

Кеңештин курамына “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесинин директору, Аялдардын мыйзам чыгаруу демилгелеринин альянсынын тең координатору Зульфия Көчөрбаева, юрист, адам укуктары боюнча эксперт Улукбек Азимов, “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова, майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча эксперт Үкөй Мураталиева, эмгек укуктары боюнча жарандык активист Аскар Турдугулов, “Адам укуктары боюнча юристтер” фондунун төрайымы Асел Койлубаева, адам укуктары боюнча эксперт жана укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова кирди.

Коомдук кеңеш Акыйкатчы Институтунун алдында жарандык коом менен ачык жана конструктивдүү өз ара кызматташууга көмөктөшүүчү көз карандысыз консультативдик-кеңеш берүүчү жана эксперттик орган катары иш алып барат.