“Ден соолукка болгон укук” сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Акыйкатчы Институтунда “Ден соолукка болгон укук” чыгармачылык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынакка мектеп курактагылар жигердүү катышып, өзүнүн жогорку укуктук сабаттуулугун көрсөтүштү.
Балдар чыгармачылык аркылуу “ден соолук – башкы байлык” экенин, саламаттыкты коргоо укугун Кыргызстандын Конституциясы кепилдерин билдиришти.
Жалпысынан эссе, сүрөт жана видео түрүндө 30га жакын материал топтолду.
Белгилей кетсек, сынактын катышуучуларынын көпчүлүгү ар кандай илдеттер менен күрөшүп келет.
Ал эми чоңдор арасындагы категорияда ВИЧ менен жашаган аялдар өздөрүнүн чыгармачылык иштерин сунушташты.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеңүүчүлөргө диплом жана балуу белектерди ыйгарды.
Сынак ЕККУнун колдоосу жана ВИЧ жана аялуу топтор боюнча кеңештин көмөгү менен өткөрүлдү.