Акыйкатчы Чүй облусундагы балдар үйүнө барды: интернаттын аймагы тосулган эмес, дарыгер жок жана балдар социалдык жөлөкпул алышпайт
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды балдардын ден соолугун жана бакубаттуулугун өлкөнүн Конституциясы менен кепилденген укуктарын жана кызыкчылыктарын толук камсыз кылууга чакырат.
Акыйкатчы балдар мамлекеттин өзгөчө коргоосунда экенин белгилейт.
Жамиля Жаманбаева Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үйүнө барды.
Акыйкатчы балдардын жашоо жана билим алуу шарттарын, ден соолуктарынын абалын, коопсуздугун, социалдык жана мүлккө болгон укуктарынын сакталышынан кабар алды.
Мониторингге Акыйкатчынын алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова катышты.
Жашоо шарттары
Мектеп-интернатта балдар жана кыздар өз-өзүнчө жатаканаларда жашашат.
Мониторинг учурунда балдар жатаканасынын биринчи кабатындагы санитардык бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүрүп жаткан. Тарбиячылардын айтымында, оңдоо иштери аяктаганга чейин балдар коңшу имаратта жайгашкан мончонун санитардык түйүндөрүн колдонуп жатышат.
Кыздар жатаканасында оңдоо иштери аяктаган. Бөлмөлөр кенен жана таза, ар бир кабатта душ жана дааратканалар каралган. Бирок текшерүү учурунда экинчи кабаттагы санитардык түйүн жабык болгон.
Жамиля Жаманбаева бардык дааратканалар жана душ кабиналары балдар үчүн күнү-түнү жеткиликтүү болушу керектигин эскертти.
Эки жатакананын тең төшөнчү, жаздык жана шейшептердин эскелиги жеткендиктен алмаштыруу зарылдыгы бар.
Балдар бөлмөлөргө жаш курагына жараша жайгаштырылган.
Акыйкатчы ашкананы, тамак-аш даярдоочу жайды, азык-түлүктөрдү сактоо шарттарын жана интернаттын аймагын да текшерди.
Мониторингдин жүрүшүндө мекеменин аймагында таштанды топтолгон жай аныкталды. Акыйкатчы мекеменин жетекчилигин жана тиешелүү кызматтарды интернаттын аймагын тез арада таштандыдан тазалоого чакырды.
Мындан тышкары, болжол менен 30 гектар аянтты ээлеген интернаттын аймагы тосулган эмес. Бул балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратат. Акыркы бир жыл аралыгында эле 6 бала качып кетүүгө аракет кылган.
Ушуга байланыштуу Жамиля Жаманбаева жергиликтүү бийлик органдарынан интернаттын аймагын тосуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүнү талап кылат.
Жалпы 100 балага ылайыкташтырылган мектеп-интернатта учурда 88 бала тарбияланууда. Алардын 56сы эркек, 32си кыздар. Мекеде 25 томолой жетим, алтоо жарым жетим, 57си ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жашашат.
Медициналык текшерүү
Мониторингдин алкагында «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду менен биргеликте балдар медициналык кароодон өткөрүлдү.
Мекемде медициналык пунктта эки кызматкер эмгектенет.
Дарыгерлер 71 баланын саламаттыгын текшерип чыгышты.
Текшерүүнүн жыйынтыгында балдардын ден соолугуна байланыштуу бир катар көйгөйлөр аныкталды. Кароодон өткөн балдардын дээрлик бардыгында тиш оорулары (кариес) бар.
Балдар экзема, калкан безинин жабыркашы жана башка илдеттер менен ооруйт.
Балдардын көпчүлүгү офтальмологдун текшерүүсүнө да муктаж.
Ал эми кыздардын көпчүлүгүнүн баштары биттеп кеткен. Бул санитардык-гигиеналык шарттарга, жугуштуу жана мите ооруларынын алдын алууга жана дарылоого өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын көрсөтөт.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды балдарга медициналык көзөмөлдү күчөтүүгө, өз убагында дарылоону камсыз кылууга жана тиешелүү тармактын адистеринин консультацияларын уюштурууга чакырат.
Балдардын социалдык жана мүлктүк укуктары
Мектеп-интернаттын имараты жаңы жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган.
Мониторингдин жүрүшүндө балдардын социалдык жана мүлктүк укуктарын ишке ашырууда көйгөйлөр аныкталды.
Алсак, документтерди текшерүү учурунда алты жетим бала мыйзамда каралган социалдык жөлөкпулдарды албай турганы белгилүү болду. Учурда, аларга жөлөкпулдарды чегерүү үчүн зарыл болгон документтерди чогултуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, балдардын ата-энелеринен материалдык камсыздоо алуу боюнча мыйзамдуу укугу бузулууда. Соттун тиешелүү чечимдери болгонуна карабастан, алименттер иш жүзүндө өндүрүлбөй келет.
Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 89-беренесине ылайык, ата-энесинин камкордугусуз калган жана балдар мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарга төлөнүүчү алименттер алардын жеке эсептерине которулууга тийиш.
Акыйкатчы аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана мекемеде тарбияланып жаткан балдардын укуктарын толук камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Мониторингге Акыйкатчынын алдындагы Коомдук кеңештин мүчөсү, "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова катышты.