Акыйкатчы ИИМди үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирген эки баланын энесинин коопсуздугун камсыз кылууга чакырды

09/10/2026 - 15:47

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Ички иштер министрин үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирген, Тоң районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басарынын жубайынын коопсуздугун камсыз кылууга чакырат. 

Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо ар дайым көңүл борборунда болуп, зомбулук боюнча кайрылган аялга эч кандай кысым көрсөтүлбөшү керектигин белгилейт. 

«Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү күчөтүлүп жаткан учурда укук коргоо органынын кызматкеринин зомбулук көрсөткөнү боюнча даттануу түшүп, ал болсо коргоо ордерин бузганы тууралуу маалыматты пайда болушу ачуулантпай койбойт. 
Жарандарды коргоо милдети болуп саналган адамдын үйүндө кооптуу болсо, анда аялдардын жана балдардын укуктарын коргоонун натыйжалуулугу жөнүндө кантип сөз кылууга болот?» — дейт Акыйкатчы. 

Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарынын кызматкерлери, өзгөчө жетекчилик орунда иштегендер, кынтыксыз жүрүм-туруму менен мыйзамга урмат көрсөтүү менен, жумушта жана жеке жашоосунда дагы тартип, адептүүлүк жана чынчылдыктын үлгүсү болууга тийиш экендигин баса белгилейт. Ал эми кесиптик-этикалык принциптерди жана талаптарды бузгандардын коом алдында моралдык жоопкерчилиги жогору. 

Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо жаралат: бул кызматкердин ички иштер органдарынын түзүмүндө жооптуу кызматты ээлөөгө моралдык укугу барбы? 

Акыйкатчы ИИМдин жетекчилигин мындай фактыларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө чакырып, кызмат абалы жабырлануучуларга кысым көрсөтүү жана жоопкерчиликтен качуу үчүн колдонулбашы керектигин баса белгилейт. Үй-бүлөдөгү келишпестиктер цивилизациялуу жолдор менен гана чечилиши керек.

Белгилей кетсек, 26 жаштагы милиция кызматкеринин жубайы маек учурунда үч жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын, күйөөсү кол алдындагы  кызматкерлерине карата ыдык көрсөткөнүн айтып, милиционердин кызматтык форма менен түшкөн адепсиз сүрөтүн жарыялаган.