Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин жаран медакадемиядан ала албай жүргөн аттестатын колго алды
Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан аттестатын ала албай жүргөн жаран документин колуна алды.
Окуу жай мамлекет адисти даярдоого сарптаган чыгымды (70 353 сомду) төлөмөйүн жарандын аттестатын бербей келген.
Жаран 2023-жылдан бери ала албай келген аттестатын ушул жылдын 7-октябрында колуна алганын айтып, Акыйкатчыга ыраазычылык билдирди.
Буга чейин да Акыйкатчыга ОшМУдан өздүк документтерин ала албай жаткан эки жаран кайрылган. Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин алар да документтерин колдоруна алышкан.
Акыйкатчы өздүк документтерди, анын катарында орто билим тууралуу аттестатты жана жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду “Күрөө” тууралуу мыйзамдын 4-беренесине ылайык күрөө катары кармоого болбой турганын эскерет.