115 шыр байланышы

115 тез байланыш кызматы

Өз укуктарыңызды коргоо үчүн Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратына 115 акысыз кыска номери боюнча кайрылсаңыз болот.

Адам укуктары бузулган факты жөнүндө 115 тез байланышына чалыңыз же болбосо Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына жеке өзүңүз арыз менен кайрылыңыз, ошондой эле www.ombudsman.kg сайты аркылуу кабарлаңыз. Тез байланыш кызматы кыйноолорго, зордук-зомбулукка жана катаал мамилеге дуушар болгон жабык мекемелердеги баардык адамдарга багытталат.

115 тез байланышынын иши аймактык долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Аппаратынын долбоор боюнча өнөктөшү Борбордук Азиядагы Эл аралык абактык реформанын өкүлчүлүгү (PRI) тарабынан ишке ашырылууда.