Акыйкатчы Институту менен Кыргызстан элинин Ассамблеясы адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүнү макулдашты
Кечээ, 29-октябрда, Акыйкатчы Институтунда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Медер Рахман жана этностук бирикмелердин жетекчилери менен алгачкы жолугушуу болуп өттү.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева адам укуктарын коргоо, тең укуктуулукту камсыз кылуу жана этностор аралык ынтымакты чыңдоо маселелери боюнча ачык диалог жүргүзүүгө Ассамблеянын даярдыгына баалай турганын белгиледи.
“Биздин коом көп улуттуу. Ар түрдүү этностордун өкүлдөрү өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп, өздөрүнүн тилин, маданиятын жана каада-салттарын сактоо менен коомдук турмушту байытып келишет. Ошондуктан ар бир адам этносуна жана социалдык абалына карабастан, өз укуктарын ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу биз үчүн өтө маанилүү”, — деди Акыйкатчы.
Ошондой эле Акыйкатчы натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн этностук бирикмелердин өкүлдөрүнүн пикирин угуу, алардын муктаждыктарын жана сунуштарын билүү маанилүү экенин белгиледи.
“Ушуга байланыштуу этностук бирикмелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын угуу биз үчүн маанилүү. Ачык баарлашуу аркылуу орток пикирге келип, натыйжалуу чечимдерди иштеп чыга алабыз деп ишенем”, — деди Жамиля Жаманбаева.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы Медер Рахман этностук бирикмелердин өкүлдөрү Акыйкатчы менен алгачкы жолу жолугушуп жатканын белгилеп, ачык диалог аянтчасын түзүп бергендиги үчүн Жамиля Жаманбаевага ыраазычылык билдирди. Ошондой эле мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк, чечен, карачай, немис, казак, тажик диаспораларынын жана башка этностук бирикмелердин өкүлдөрү сөз сүйлөп, этностор аралык ынтымакты чыңдоо, бардык жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин теңдигин камсыз кылуу, ошондой эле этностук жамааттар менен Акыйкатчы Институтунун ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын билдиришти.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары Акыйкатчы Институту менен мындай жолугушууну квартал сайын өткөрүп турууга даярдыгын айтышты.