Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин камсыздалышы боюнча 2025-жылдык баяндамасын” кабыл алды
Жогорку Кеңеш Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаеванын “Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин камсыздалышы боюнча 2025-жылдык баяндамасын” кабыл алды.
Акыйкатчы парламентте Кыргызстанда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалы, адам укуктары боюнча негизги маселелер, аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу маалымдады.
Жамиля Жаманбаева Акыйкатчынын сунуштардын аткарылышы 79%га жеткенин айтты (мурунку жылдары 20% га жеткен эмес).
Акыйкатчы Институтунун адам укуктарынын сакталышына контроль жүргүзүүнүн негизги механизмдеринин бири жарандардын кайрылууларын кароо. 2025-жылы жалпысынан 9672 кайрылуу келип түшкөн.
Институтка жарандардан түшкөн арыздардын 58 пайызы оңунан, кайрылуучунун пайдасына чечилген.
“Өзгөчө белгилеп кетким келет, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 11 пайызга, ал эми андан мурунку жылдарга салыштырмалуу 3–4 эсеге өстү. 2023-жылга чейин сунуштардын аткарылышы 20 пайыздан ашкан эмес. Мындай натыйжа мамлекеттик органдар менен кызматташтыктын жөнгө салынганынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Жогорку Кеңешинин колдоосунун натыйжасы”, — деди Акыйкатчы.
2025-жылы Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 811 мониторинг жүргүзүшкөн. Бул мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Анын ичинен 328 мониторинг эркиндигинен ажыратуу жана эркиндигин чектөө жайларында, 90у аскер бөлүктөрүндө, 48и стационардык социалдык тейлөө мекемелеринде, 133ү билим берүү мекемелеринде жана 54ү саламаттык сактоо мекемелеринде өткөрүлгөн.
Жарандардын айрым категорияларынын укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча 15 изилдөө жүргүзүлгөн.
2025-жылы адам укуктарынын бузулушу боюнча аныкталган фактылардын негизинде Акыйкатчы Институту тарабынан жалпысынан 141 чара көрүү актысы жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 131и (93 пайызы) аткарылып, 10у аткарылган эмес.
Кайрылуулардын мүнөзү боюнча бийлик органдарына карата даттануулар төмөнкүдөй:
● 36,4 % – сот органдарына;
● 20,9% – укук коргоо органдарына;
● 7,6 % – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына;
● 2,3 % – эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтин органдарына;
● 2,1% – саламаттык сактоо мекемелерине;
● 28,7% – башка бийлик органдарына;
● 2 % - билим берүү жана илим министрлигине .
Жамиля Жаманбаева КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) кызматына 2023-жылдын 17-майында дайындалган.