Акыйкатчы Институнун кызматкерлери Таластагы 2 жатак мектептеги окуучулардын жашоо шарттары боюнча олуттуу кемчиликтерди аныктады
КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменин) Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аймактагы 2 жатак мектепке мониторинг жүргүздү.
15-апрелде Талас облусунун Айтматов районунундагы Т. Бабанов атындагы жана Манас районундагы “Улукман” жатак-мектептеринде окуучулардын жашоо шарттары, тамак-ашы жана окуу процесси текшерилди.
Мониторингдин жүрүшүндө бир катар көйгөйлөр аныкталды.
Т. Бабанов атындагы жатак-мектепте балдардын саны нормадан ашык. Мектеп 136 гана окуучуга ылайыкташтырылганына карабастан учурда 215 бала билим алууда. Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талабы боюнча ар бир балага 2 же 2,5 чарчы метр аянт туура келсе, аталган мектептин класстарында бир окуучуга 1,1 жана 0,8 чарчы метр туура келет.
Жатаканаларда да керебеттер жыш жайгашып, матрастары эскирген абалда.
Санитардык түйүндөрдөр да жетишсиз, 133 кызга болгону 2 кол жуучу жер жана 1 унитаз бар. Талап боюнча 10 кызга 1 унитаз, 1 кол жуучу жер болушу шарт.
Жатаканада балдар менен кыздардын уктоочу бөлмөлөрү бир кабатта жайгашкан. Буга чейин, Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери балдар менен кыздар тарапты ортодон бөлүп турган коопсуздук тосмо орнотууну сунуштаган. Тосмо орнотулганы менен, ал коридорду толук жаппайт жана андан оңой эле ашып өтсө болот.
Ал эми медициналык жардам көрсөтүү да жетишсиз. Дары-дармектер толук эмес жана айрымдарынын пайдалануу мөөнөтү өтүп кеткен.
Окуучулар тамак-аштын сапатына нааразы экенин билдиришкен. Мониторинг учурунда балдарга эт кошулбаган, сууга бышкан күрүч менен гречкадан тамак берилди.
Белгилей кетсек, мамлекет тарабынан ар бир балага күнүнө 90 сом бөлүнөт.
Ал эми “Улукман” жатак-мектебиндеги да толуп, анда 100 баланын ордуна 106 окуучу билим алууда. Мектеп 1972-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Имараттын терезелери жана жылытуу системасы эскирип, жаан-чачында чатырынан суу кирип кетет. Бул мекемеде да спорт зал жок.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Талас облустук мамлекеттик администрациясына жатак-мектептерде аныкталган бузууларды жоюу талабы менен сунуш жөнөтүлдү.
Акыйкатчы Институту балдардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздоо чараларын көзөмөлдөө максатында мектеп-интернат жана башка мекемелерге мониторинг жүргүзүүнү улантат.
Буга чейин институттун кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Абдраев музыкалык окуу жайын текшеришкен.