Акыйкатчы Институту кыйноолорго каршы бир айлык жарыялайт

26/05/2026 - 10:23

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту 26-июнь күнү белгиленүүчү Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялайт. 

Акыйкатчы Институтуна караштуу кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери 13-майдан 25-июнга чейин жабык мекемелерде жолугушууларды өткөрүп, лекцияларды окушат. Иш-чаралар кыйноолордун жана ырайымсыз мамиленин алдын алууга, жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык стандарттарды сактоого багытталган.

Ал эми 26-июнда соода борборлордо жана адамдар көп топтолгон жайларда маалыматтык-укуктук консультациялар уюштурулат. 

Жарандар кызыктырган укугун коргоо жаатында кызыктырган суроолорго жооп алып, сотто укугун коргоо боюнча кенен маалымат, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине кабылганда кимге кайрылуу керектиги туурасында кеп-кеңештерди ала алышат. 

Белгилей кетсек, 26-июнь — Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү. Дал ушул күнү, 1987-жылы БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясы күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы аталган конвенцияга 1997-жылы кошулган.