Акыйкатчы Институту майыптыгы бар жарандар үчүн мамлекеттик органдардын сайттарынын жеткиликтүүлүгүн текшерди

21/09/2026 - 11:44

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды майыптыгы бар жарандарды санариптик ресурстардан жана онлайн-кызматтардан маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн бирдей камсыз кылууга чакырат. 

Акыйкатчы Институту майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик сайттардын канчалык деңгээлде ыңгайлуулугун текшерүү максатында 18 расмий интернет-ресурстарына мониторинг жүргүзүштү. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө изилденген сайттардын бири да инклюзивдик талаптарына толук жооп бербегени такталды. 

Бул  майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусуна жана онлайн-кызматтарды өз алдынча пайдалануусуна тоскоолдук жаратат. 

Акыйкатчы Конституция майыптыгы бар жарандарды басмырлоого жол бербестигин жана ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктери бирдей кепилдерин белгилейт. 

Санарип кодексинде майыптыгы бар адамдар үчүн санариптик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу каралган. Ал эми “Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” КРнын Мыйзамында санариптик форматта көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө карата талаптар белгиленген.
Акыйкатчы мамлекеттик санариптик ресурстардын жеткиликтүүлүгү милдеттүү талап болушу керектигин баса белгилейт.

Мониторинг 2026-жылдын июнь-июль айларында “Плюс” коомдук фонду менен биргеликте, Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу менен жүргүзүлдү.

Изилдөө майыптыгы бар адамдар мамлекеттик органдардын сайттарын өз алдынча пайдаланып, керектүү маалыматты алып, электрондук формаларды толтура алабы жана санариптик кызматтарды бирөөнүн жардамысыз колдоно алабы деген маселелерди баалоо максатында өткөрүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө клавиатура менен иштөө жана экранды окуу үчүн JAWS программасынын жардамы менен колдонуу  мүмкүнчүлүгү, экрандагы бардык маалыматтарды (тексттерди,тизмени, шилтемелерди) үн чыгарып окуп берүү,  маалыматты үн менен гана уктурбастан, атайын Брайль шрифтин көрсөтүүчү электрондук дисплейлерге чыгарып берүү, көрүүсү начарлар үчүн  компьютерди толугу менен клавиатурадагы атайын кыска жолдор (горячие клавиши) аркылуу башкаруу жолдору текшерилди. 

Сайттар WCAG эл аралык стандартынын сунуштамаларынын негизинде бааланды. 

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар бир интернет-ресурска  стандарттын ченемдери боюнча баа берилди.  

Эң жогорку көрсөткүч “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам” сайтында — 68,4% болду. Андан кийин “Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы” — 52,9% жана Ош шаарынын мэриясынын сайты — 47,4% көрсөткүчтөрү менен жайгашты.

Эң төмөн көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын сайттарында катталды —15% жана 15,8% көрсөткүч менен.

Мониторинг жүргүзүлгөн интернет-ресурстар:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги: mchs.gov.kg — 15%.
2. Бишкек шаарынын мэриясы: bishkek.gov.kg — 15,8%.
3. Маалыматтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталы: egov.kg — 18,8%.
4. «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК: nesk.kg — 20%.
5. «Мектеп» маалыматтык системасы: 1mektep.edu.gov.kg — 21,1%.
6. Саламаттык сактоо министрлиги: egov.kg/ministry/health — 22,2%.
7. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги: egov.kg/ministry/construction — 22,2%.
8. Башкы прокуратурасы: prokuror.kg — 26,3%.
9. Мамлекеттик салык кызматы: sti.gov.kg — 26,3%.
10. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги: egov.kg/ministry/science — 26,7%.
11. «Балалык» Мамлекеттик автоматташтырылган аппараттык системасы: balalyk.edu.gov.kg — 31,6%.
12. «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК: gik.kg — 31,6%.
13. Юстиция министрлиги: egov.kg/ministry/justice — 33,3%.
14. Агартуу министрлиги: edu.gov.kg — 33,3%.
15. Социалдык фонд: sf.gov.kg — 45%.
16. Ош шаарынын мэриясы: oshcity.gov.kg — 47,4%.
17. «Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы»: cbd.minjust.gov.kg — 52,9%.
18. «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам»: ukuk-jardam.gov.kg — 68,4%.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине тиешелүү сунуштар камтылган кат жөнөттү.