Акыйкатчы Институту Нарын шаарынын тургунунун турак жайга болгон укугун калыбына келтирүүгө көмөктөштү     

07/09/2026 - 10:14

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Нарын шаарынын тургунунун турак жайга болгон укугун калыбына келтирүүгө көмөктөштү. 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаевага Нарын шаарынын тургуну К.Б. кайрылып, турак жайга болгон укугунун бузулуп жатканын билдирген.

Арыз ээсинин айтымында, үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан дарыканада оңдоо иштеринин жүрүшүндө имараттын жүк көтөрүүчү негизги дубалдары алынып салган. Анын кесепетинен үйдүн конструкциясына зыян келтирилип, үстүнкү кабаттагы батирдин полу ийилип, авариялык абалга кептелген. 

Шаар тургуну түнү дарыкананын эшигин каккылаган  жарандар үйдүн жашоочуларынын тынчын алып жатканына даттанган. 

“Жашоочулардын коопсуздугу үчүн дарыкана иштеткен ишкер дубалды кайра ордуна курушу керек. Андан сырткары, менин батиримди оңдоп берсин. Азыр жашоого мүмкүн болбой жатат. Менин кайрылуума мамлекеттик органдар жооп бербей, укугумду коргобой жатышат”, – дейт арыз ээси.

Жарандын кайрылуусунун негизинде Акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды аныктоо максатында Нарын шаарынын мэриясына атайын комиссия түзүү боюнча сунуш менен кат жолдошкон.

Мындан тышкары, тиешелүү чараларды көрүү үчүн Нарын региондук архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгына да кайрылуу жөнөтүлгөн.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы аталган объектти текшерип, мыйзам талаптарын бузууга жол берген ишканага кемчиликтерди жоюу жана кайра калыбына келтирүү боюнча милдеттенме берди. 

Акыйкатчы Институту жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүү багытындагы ишин улантат.