Акыйкатчы Институту жалпы республикалык тестирлөөнүн өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүздү
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту 17-23-май күндөрү өткөн жалпы республикалык тестирлөөнүн жүрүшүндө абитуриенттердин укуктарынын сакталышына байкоо жүргүздү.
Мониторингдин өлкөнүн бардык аймактарын камтып, 40 тестирлөө борборунда өттү.
Институттун кызматкерлери майыптыгы бар абитуриенттер үчүн түзүлгөн шарттарга өзгөчө көңүл бөлүштү. Сынак өткөрүлүүчү жайдын инфстраструктурасы, маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана дискриминацияга жол бербөө принциптеринин сакталышын текшеришти.
Белгилей кетсек, майыптыгы бар мектеп бүтүрүүчүлөр тестти атайын белгилегенген жайда гана тапшырышкан.
Манас шаарынын абитуриенттерине Алым Усман атындагы №7 орто мектебинде майыптыгы бар бүтүрүүчүлөргө ылайыктуу шарттар уюштурулган эмес. Сынак өтүп жаткан аудитория имараттын үчүнчү кабатында жайгашкандыктан, тестке катышып жаткан жаранды көтөрүп чыгышкан.
Ош шаарындагы №42 Керме-Тоо жана Бишкек шаарындагы №24 орто мектепти белгилеп өтүүгө болот. Бул орто окуу жайларында тийиштүү инфраструктурадан сырткары, сынактын майыптыгы бар катышуучусу үчүн жардамчы жана сурдокотормочу даярдалган.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы Институту тиешелүү органдарга майыптыгы бар жарандардын муктаждыктарын алдын ала эске алуу жана сынактарды имараттардын биринчи кабатында уюштурууну сунуштайт.
Ошону менен катары эле, Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери социалдык тармактарда тестирлөөнүн кеч башталышына жана жанындагы курулуш аянтчасынан чыккан ызы-чуу менен чаңга байланыштуу нааразычылык жаралган №64 жана №103 мектепке барды. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бул жагдайлар абитуриенттердин укуктарынын бузулушуна алып келбегени жана тестирлөөдөн өтүүсүнө тоскоолдук жаратпаганы аныкталды.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы Институтуна уюштуруучулардын аракеттерине байланыштуу бир арыз келип түшкөн.
Аталган кайрылуу боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү жүргүзүлөт.