Акыйкатчы Институтунун онкология тармагын жакшыртууга багытталган сунуштары аткарылат
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун Улуттук онкология жана гематология борборуна, ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкогематология бөлүмүнө жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгы боюнча Саламаттык сактоо министрлигине берилген сунуштар аткарылат.
Аталган министрлик бул боюнча Акыйкатчы Институтуна расмий жооп берди. Анда Бишкек жана Ош облусундагы онкологиялык борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкогематология бөлүмүндө жана “Кыргызфармация” ишканасын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлгөнү кабарланат.
“Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын чечимдерин жана Акыйкатчы Институтунун сунуштарын аткаруу тапшырылды”, - деп маалымдалат.
Саламаттык сактоо министрлиги онкологиялык илдетке кабылган жарандарга жардам көрсөтүүдө Акыйкатчы Институтунун сунуштары эске алынарын белгилейт.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда УКМК “Кыргызфармация” ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын август айында Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери жогоруда аты аталган ооруканаларга мониторинг жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында системалык көйгөйлөр жана бейтаптардын сапаттуу медициналык жардам алуу укуктары бузулганы аныкталган.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине, Финансы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына бир катар сунуштарды жөнөткөн.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Акыйкатчы Институтуна саламаттык сактоо тармагына байланыштуу 48 кайрылуу түшкөн.