Акыйкатчы Институтунун жамаатына Акыйкатчынын жаңы орун басары тааныштырылды

12/06/2026 - 10:27

Бүгүн, 12-июнда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институнун жамаатына Акыйкатчынын жаңы орун басары Медербек Усаров  тааныштырылды. 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жаңыдан дайындалган орун басарын кесиптештерине тааныштырып, ага аркалаган кызматына ийгиликтерди каалады. 

Ошону менен катары эле ал Акыйкатчы Институтунун жамаатынын жогорку кесипкөйлүгүн жана ынтымагын өзгөчө белгилеп өттү.

“Сиз биз аркалаган жумушка бат эле аралашып, өзүңүздүн кесипкөйлүгүңүздү көрсөтөсүз деген ойдомун. Алдыда маанилүү иш-чаралар жана жооптуу милдеттер күтүп турат. Сиздин иш тажрыйбаңыз институттун мындан аркы өнүгүшүнө чоң салым кошот деген ишенимдемин”, - деди Жамиля Жаманбаева. 

Белгилей кетсек, кечээ, 11-июнда Жогорку Кеңеш Медербек Усаровду Акыйкатчынын орун басары кызматына шайлады. 

Медербек Усаров 49 жашта. Ал милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы ИИМ Академиясын бүтүргөн жана юридика илимдеринин кандидаты.