Акыйкатчы: Кыргызстанда залалдуу шишик илдетине чалдыккандарды дарылоо үчүн жабдуулар жана дары-дармектер жетишсиз
КРнын Акыйкатчысы (Омсбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды жарандардын ден соолукка болгон укугун камсыздоого жана өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырат.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 2025-жылы Улуттук онкология жана гематология борборуна жана аталган оорукананын балдар бөлүмүнө мониторинг жүргүзүшкөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында институттун кызматкерлери онкология илдетине чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапатынын төмөндүгүн жана бейтаптардын укуктарынын бузулушун аныктаган.
Ооруканада нур менен дарылоочу аппараттар, заманбап жана сапаттуу диагностикалык жабдуулар, адистер, жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер жана стационардык орундар жетишсиз.
Мындай абал бейтаптардын саламаттыгынын начарлашына, онкологиялык оорудан каза болгондордун санын өсүшүнө гана эмес, бейтаптардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалынын начарлашына дагы алып келүүдө. Себеби, мамлекеттик ооруканадан сапаттуу медициналык жардам ала албаган жарандар жеке менчик ооруканаларга же болбосо чет өлкөгө барууга аргасыз.
Улуттук онкология борборунан нур менен дарылануу үчүн бейтаптар бир, эки жумалап кезек күтүп калышат.
2025-жылдын август айында жүргүзүлгөн мониторинг учурунда 34 адам нур менен дарылануу кезегин күтүп жатышкан, себеби 3 аппараттын экөө (Elekta Synergy и Elekta Synergy Platform) иштен чыгып калган. Дарылоо эскилиги жеткен “Бабатрон” аппаратынын жардамы менен гана жүргүзүлүп жаткан.
Дарыгерлер залалдуу шишик илдети менен жабыркаган бейтаптарга өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө оорунун курчушуна алып келип, алардын өмүрүнө коркунуч жаратарын белгилейт.
Мындай нур менен дарылоочу аппараттар Улуттук онкология борборунда гана бар. Ошондуктан, бейтаптар башка аймактардан борборго келип дарылана алышат.
Үч аппарат толук кандуу иштеген шартта дагы бейтаптардын баарына өз убагында жардам көрсөтүү кыйынчылык жаратат. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде залалдуу шишикке чалдыкканы алгач аныкталган бейтаптардын болгону 25,6 пайызы гана нур терапиясын ала алышкан.
Эл аралык стандартка ылайык, 300 миң жаранга бирден нур менен дарылоочу аппарат болушу шарт. Ал эми Кыргызстандын 7 миллион калкы үчүн кеминде 20 аппарат зарыл.
Мониторинг учурунда аталган борбордо 325 бейтап дарыланып жаткан.Каттоодо 35 миң 163 бейтап турат.
Онкология тармагындагы абалды нурлануудан коргоочу атайын каражаттардын жетишсиздиги да оорлотот. Алар шишикке таасир этүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана дарылоонун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл.
Мониторинг учурунда нур терапиясы бөлүмүндө термопластикалык беткаптар (термопластическая маска) да жок экени аныкталган. Ал эми бар болгон башка керектүү каражаттар эскирип, деформацияланган абалда болгон.
Ал эми өзгөчө белгилей кетчү жагдай – нур терапия бөлүмүндө балдарды толук кандуу дарылоого мүмкүн эмес, себеби балдар үчүн термо беткаптар такыр жок.
Изилдөөнүн жыйынтыгы, эскирген аппараттар, жетишсиз каражаттар өлкөдө залалдуу шишик илдетин эрте аныктоо кыйын экенин көрсөттү.
Ал эми, борбордо бир гана УЗИ-аппараты жана 2014-жылдан бери иштеп, техникалык жактан эскилиги жеткен маммограф иштейт. Ошону менен катары эле ангиограф, заманбап эндоскопиялык жана лапароскопиялык системалар жетишсиз.
Жалпысынан алганда, онкология тармагын каржылоо оорукана муктаждыктарын толук камсыздабайт.
2018–2024-жылдар аралыгында бул тармакка жыл сайын болгону 3 млн сомдун тегерегинде каражат бөлүнгөн. 2024-жылы каржылоо 176 млн сомго, 2025-жылы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, оорукананын муктаждыгын толук жабуу үчүн 4,5 млрд сом талап кылынат, бул учурда бөлүнгөн каражаттан беш эсе көп.
Мониторингдин жыйынтыгында бейтаптар керектүү дары-дармектер менен камсыздалбаганы да белгилүү болду. Ооруканада зарыл болгон 80 аталыштагы дары-дармек жок.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери оорукананын документтерин кароо учурунда «Кыргызфармация» ишканасы борборду тиешелүү дары-дармектер менен жетиштүү деңгээлде камсыздабай жатканын аныктаган.
“Онкологиялык ооруканада, ал тургай өлкө боюнча рак илдетин дарылоо үчүн зарыл болгон дары-дармектер жок. Биз дарыны өз күчүбүз менен издеп, өз каражатыбызга сатып алууга мажбурбуз”, — дешти бейтаптар.
Мындай кырдаал жарандардын зарыл дары-дармектерди алууга жана сапаттуу, үзгүлтүксүз дарылануу укуктарын одоно бузат.
Борборду дары-дармектер менен толук камсыз кылуу үчүн кеминде 2,5 млрд сом талап кылынат.
Учурдагы абал тез арада чечимдерди кабыл алууну, сатып алуу жол-жоболорун кайра карап чыгууну жана Улуттук онкология борборун каржылоону олуттуу көбөйтүүнү талап кылат.
Мындан тышкары, онкология борбору кошумча жаңы имаратка шашылыш түрдө муктаж.
Жыл сайын залалдуу шишик илдетине чалдыккандардын санынын өсүп жатканына байланыштуу стационар орундардын санынан эки эсеге көп бейтапты кабыл алууда. Айрым бейтаптар тамчылатма дарыларды (капельница) олтуруп алууга аргасыз болушууда.
Аймактарда онкология бөлүмдөрү бар. Мисалы, Ош шаарында 15 орун бар, ал жерде химиотерапия жүргүзүлүп, жөнөкөй операциялар гана жасалат. Жалал-Абад, Токмок жана Баткенде жеңил формадагы оорулар менен гана бейтаптар кабыл алынат. Ал эми Нарын облусунда бир да онколог жок.
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүндө жүргүзүлгөн мониторинг да ушуга окшош көйгөйлөрдү аныктады.
2025-жылдын август айынын аягына карата стационарларда 60ка жакын бала дарыланып жаткан.
Балдар арасындагы онкологиялык оорулардын көбөйүшү тынчсызданууну жаратат. Эгерде 2014-жылы жылына орто эсеп менен 70 баладан рак илдети аныкталса, 2023-жылдан тарта бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат.
Онкологдор балдарды медициналык мекемелерден дарылоодон баш тартуу учурларынын көбөйүп жатканына өзгөчө тынчсызданышат.
«Медицинага болгон ишенимдин жоктугу, каржылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши жана диний себептерден улам адамдар молдолорго же элдик дарыгерлерге кайрылышат. Мисалы, лейкоз менен ооруган бала бизден дарыланып, абалы турукташып калгандан кийин, ата-энеси салттуу эмес дарылоо ыкмаларына өтүп кеткен. Бир жылдан кийин оору күчөп, бала каза болгон», — деп билдиришти борбордун дарыгерлери.
Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча Министрлер Кабинетине, Финансы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына сунуштамаларды жөнөттү.
Акыйкатчы онкологиялык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча жаңы стратегия кабыл алууну, ошондой эле 2025–2030-жылдарга карата онкологиялык ооруларга каршы күрөшүү боюнча комплекстүү план бекитүүнү сунуштады.
Жамиля Жаманбаева дарылоодон баш тартуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле бейтаптардын үй-бүлөлөрүнө социалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурат.
Ошондой эле Акыйкатчы республикалык бюджеттен жабдууларды техникалык тейлөөгө каражат карап көрүүнү жана онкологиялык бейтаптар үчүн дары-дармектерди сатып алуу шарттарын кайра карап чыгууну сунуштады.