КРнын Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери “Адам укуктарын сактоонун методологиясы жана укук бузууларды документтештирүү” темасынын алкагында өткөн тренингге катышышты

30/04/2026 - 12:49

“Адилет” укуктук клиникасынын колдоосунда өткөн тренинг адам укуктарын сакталышына мониторинг жүргүзүү, укук бузууларды аныктоо жана аларды документтештирүү боюнча кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатуу максатында өттү.

Тренингди КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева жана “Адилет” Укуктук клиникасы” коомдук фондунун директору Чолпон Жакупова ачты. 

Жамиля Жаманбаева адам укуктарын коргоодо системалуу мамиленин маанилүүлүгүн жана мониторинг механизмдерин өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Чолпон Жакупова Акыйкатчы Институту акыркы жылдары жигердүү иш алып бара жатканын, анын ичинде “Качкындар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча бирге сунуш иштелип чыкканын белгилеп өттү. 

Тренингдин алкагында катышуучулар адам укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүүнүн негиздери, мониторингди пландоо этаптары, маалыматтарды чогултуу ыкмалары жана маалыматты текшерүү инструменттери менен таанышышты.