ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери Бишкекте өткөн омбудсмендердин консультативдик жолугушуусун колдошту

04/09/2026 - 15:05

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылары уюмга мүчө  өлкөлөрдүн укук коргоо улуттук институттарынын кызматташуусун колдошту. 

Бул тууралуу ушул жылдын 1-сентябрында уюмдун Кеңешинин жыйынында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан уюмдун 25 жылдыгына карата кабыл алынган Бишкек декларациясында белгиленген.

Документке ылайык, ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо функцияларын жүзөгө ашырган укук коргоо улуттук мекемелеринин, мамлекеттик органдардын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин башка уюмдарынын ортосунда ыктыярдуу негизде үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүн колдошот.

Белгилей кетсек, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаеванын демилгеси менен 2026-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо институттарынын биринчи консультативдик жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз тараптын демилгесин колдоп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча ачык кесиптик диалог үчүн аянтча түзүп бергендиги үчүн Жамиля Жаманбаевага ыраазычылык билдиришкен.

Иш-чаранын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо институттарынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлган.