Таластагы окуя. Акыйкатчы бир дагы зомбулук жазасыз калбашы керектигин белгилейт

06/02/2026 - 17:34

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды кыз-келиндерге зомбулук көрсөткөн учурларга көңүл кош карабай, биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө чакырат. 

Акыйкатчы көрүлгөн аракеттер алгылыктуу жыйынтык бербей, кыз-келиндерге карата зомбулук дагы эле күч экенин белгилейт.

Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарына ар бир учурду дыкат, ыкчам иликтеп, зордук-зомбулук жазасыз калбайт деген түшүнүктү калыптандыруу  үчүн аялдарды кордогондорго мыйзамдын катаал чараларын колдонууну сунуштайт. 

Буга чейин, интернет айдыңында жаш келинди жолдошу күйүүчү май чачып өрттөгөнү тууралуу маалымат таркаган. 

Акыйкатчынын тапшырмасы менен институттун кызматкерлери келиндин жакындары менен байланышты. 

Аянычтуу окуя Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында 2025-жылдын 15-октябрында болгон. 
28-жаштагы Т.к. М. 6 жыл мурда Таласка келин болуп, 2 кыздуу болот. 

Келиндин апасы Н.К.нын маалыматына караганда, ал күнү күйөө баласы мас болуп, чыр чыгарып, кызын ур-токмокко алган. 

“Күйөө балам кызымды “балталап өлтүрөм деп” короого балта издеп чыгып, бензин көтөрүп келип, бир тарабына чачып жиберет. Жолдошу ширеңке издегени кеткенде жанында чыркырап ыйлап жүргөн эки кызын башка бөлмөгө жашырып, өзү качканга жетишпей калат. Ширеңкени жакканда эле кызымдын денеси жалп күйүптүр. Ал короого чуркап чыгып, крандын суусу менен денесиндеги жалынды өчүрүүгө аракет кылат. Кызымдын жардам сурап кыйкырганын жолдон өтүп бара жаткан бирөө угуп калып, ооруканага алып барат”, - деди келиндин апасы. 

Келин Таластагы ооруканадан 3 күндөн кийин Бишкекке которулат.

Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн жандандыруу бөлүмүндө 1 ай жатып, жалпысынан 2 айга жакын ооруканада дарыланып, 18-декабрда чыккан. Келиндин кайын журту анын күйүп калганы туурасында жакындарына айтпастан кайра Таласка алып кетишкен. 

Апасынын айтымында, кыздын кайын-журту дарыгерлерге келини от жагып жатып, бензин менен тамызганда жалын өзүнө чачырап, күйүп калганын айтып, жалган маалымат беришкен. 

Бул туурасында келин өзү да жакындарына айткан эмес. Жакында эле жолдошу мас болуп келип, кайрадан зомбулук көрсөтүп баштаганда гана апасына чалып, алып кетүүсүн өтүнгөн. 

Учурда келин балдары менен бирге Бишкекте апасынын үйүндө. 

Ал учурда психологдун жардамына жана кайра дарыланууга муктаж. Анын денесинин 60 пайызы күйүп калганы айтылат.  Апасы Бишкек шаардык Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө арыз жазганын билдиришти. 

Апасы кызына зомбулук көрсөткөндөр жана аны жаап жашыргандар жазага тартылышын талап кылат. 

Акыйкатчы Институту келинге жана жакындарына зарыл болгон укуктук жана психологиялык жардам берүүгө даяр. 

Бакай-Ата райондук социалдык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматында, келиндин күйөөсү  Ж.у.Д. 32 жашта, Талас шаардык мериясында иштейт,  окуя учурунда ал дагы бир аз куйүк алган.  Аял ооруканада жаткан кезде анын кыздары абысынынын убактылуу камкордугуна берилген. 

Талас прокуратурасынын Акыйкатчы Институтуна берген маалыматында, апасынын арызы Бакай-Атанын ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, териштирүү иштери башталды. 

Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул окуяны тыкыр иликтеп, зомбулук жасагандарга катаал жаза чараларын көрүүгө чакырат.