Акыйкатчы Институтунун кыйноолордун алдын алуу борбору №27 түрмөгө мониторинг жүргүздү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институту 26-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.
Азыркы учурда абакта 1 102 жаран жаза мөөнөтүн өтөөдө.
Тактап айтканда, абак ашыкча толуп, ар бир адамга белгиленген аянт нормасы сакталган эмес.
КРнын Жазык-аткаруу кодексинин 99-беренесинде көрсөтүлгөндөй, түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир жаранга турак жайдан эки чарчы метр туура келиши керек эле.
Бирок №27 мекемеде бир соттолгонго орточо 1,6 чарчы метр туура келет.
Акыйкатчы Институтунун Кыйноолордун алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борборунун кызматкерлери эки барак тибиндеги имаратты текшеришти. Анын ар бири эки бөлмөдөн турат.
Алсак, аянты 16,5 чарчы метр болгон биринчи бөлмөдө 10 соттолгон жашайт. Ошол эле турак жайдын экинчи бөлмөсү 23,1 чарчы метр, ага 14 киши жайгашкан.
Экинчи барак тибиндеги имараттын бир бөлмөсү 26,4 чарчы метр, экинчиси - 16,5 чарчы метр. Анда 15 жана 10 соттолгон жашайт.
Белгилей кетсек, аталган мекеме 2023-жылга чейин 750 соттолгонго гана ылайыкташылган. Ал эми, 2026-жылы колониядагы орундар 2000ге чейин көбөйүп, бирок кошумча имараттар курулган эмес.
Мыйзам талаптарына ылайык, колониянын сыйымдуулугу турак жай аянтына жараша аныкталышы керек.
Акыйкатчы Институту Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына №27 мекеменин аянтын мыйзам талабына ылайык кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, сунуш жөнөттү.
Мониторингдин жүрүшүндө институттун кызматкерлери соттолгондор менен жеке маектешти. Алардын үчөө арыз менен кайрылды.
Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен 5 жылга эркинен ажыратылган Германиянын жараны аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигине анын абакта кармалып тургандыгы тууралуу маалымат берүүнү суранган.
Дагы бир соттолгон ырайым суроого жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, ал 2025-жылдын декабрында ырайым сурап кайрылган, бирок ага баш тартышкан.
Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери ага Ырайым кылуу тартиби жөнүндө жобонун талаптары боюнча юридикалык кеңеш беришти.
Ырайым берүү боюнча кайра кайрылуу сот белгилеген жазанын жарымы өтөлгөндөн кийин берилиши мүмкүндүгү түшүндүрүлдү.
Эгер жаңы жагдайлар жок болсо, Кыргыз Республикасынын Президенти мурунку өтүнүчтү четке каккан жарлыкка кол койгон күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин гана кайра кайрылара алары айтылды.