Акыйкатчы Институту жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында видеороликтердин сынагын жарыялайт

03/11/2026 - 14:20

Акыйкатчы Институту жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында видеороликтердин сынагын жарыялайт.

Сынак Адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналат.

Сынактын шарттары:

1. Жогорку окуу жайдын студенттери 5 адамдан турган команда топтоп катыша алат.

2. 2026-жылдын 10-ноябрына чейин телефон аркылуу катышуу ниетин билдирип, жогорку окуу жайын, команданын аталышын жана катышуучулардын санын көрсөтөт. Байланыш номер- 0551 09 51 09.

3. Ар бир команда 2 мүнөткө чейинки мамлекеттик же расмий тилде бир видеоролик сунуштайт.

4. Видео майыптыгы бар адамдардын укуктары, мүмкүнчүлүктөрү жана инклюзивдик коом темаларын камтууга тийиш.

5. Ролик катышуучунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланып, Акыйкатчы Институтунун социалдык тармактагы баракчасын белгилеп, видеого шилтемени adilyaraimkulova777@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүлүүгө тийиш.

6. Бардык катышуучулар Акыйкатчынын Instagram же 6. Бардык катышуучулар Акыйкатчынын Instagram (@ombudsman.kg) же Facebook баракчасына (Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы) жазылып, сынак жарыяланган бул постко лайк басып, аны сториске бөлүшүүгө тийиш. 

7. Видео жарыяланган аккаунт 2026-жылдын 4-декабрына чейин ачык болушу абзел.

Жеңүүчүлөрдү 4-декабрда комиссия аныктайт.

Жеңүүчү командаларга диплом жана белектер ыйгарылат.

Сыйлоо аземи 2026-жылдын 10-декабрында өтөт.

Байланыш телефону: 0551 09 51 09.

Сынак боюнча толук маалымат тиркелген документте

 



Дополнительные материалы:

PDF icon polozhenie_o_konkurse_videorolikov_1.pdf