Акыйкатчынын орун басары БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук мекемесинин башчысы Иван Салеев менен жолугушту

06/04/2023 - 12:02

КРнын Акыйкатчынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук мекемесинин башчысы Иван Салеев менен жолугушту.

Кызматташтыктын актуалдуу багыттары, ошондой эле качкындар менен баш паана издегендердин укуктарын коргоо жагдайында пикир алышуу болду.

Тараптар  айрым кыйынчылыктардан улам өлкөдө ондогон жылдардан бери жашап жатышканына карабай, Кыргызстанда документтерин каттоодон өткөрө албай жатышкан качкын макамы берилген качкындардын маселелерин талкуулашты.

“Маселе болгону техникалык мүнөздө. Буга чейин айтылган документтер, мисалы, жашап туруу укугу боюнча кошумча документтер керек. Буга байланыштуу качкындар КРнын жарандыгын алыш үчүн өз документтерин тапшыра албай жатышат”,-деп айтты Иван Салеев.

Ошондой эле тараптар кайрылмандардын укуктары тууралуу талкуулашты.

Альберт Колопов Акыйкатчы өзү институттун кызматкерлери менен биргеликте Баткен областында тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелерин изилдөө менен кайрылмандардын арасында мониторинг өткөрүп келгенин маалымдады.

Талкууда ошондой эле жарандыгы жок  тараптардын укуктарын сактоонун маанилүү экени айтылды. Негизинен маектештер качкын макамын алыш үчүн документтерин тапшырышып, бирок чек араны жарандыгы жок кесип өткөнү үчүн кармалган адамдардын жагдайына тынчыздангандыктарын билдиришти.