Жактоочу этиканы бузган. Юстиция министрлигине анын лицензиясын токтотуу тууралуу сунуш түштү

11/04/2024 - 14:35

Акыйкатчы Институтунун сунушу менен КР Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясы КРнын Юстиция министрлигине З. Б га карата адвокаттык иш жүргүзүүгө укуктук лицензиясын бир жылдык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө сунуштама киргизди.  

2023-жылы 22-февралда Акыйкатчы Институтуна Н. Г. аттуу жаран укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракетинен улам бузулган укуктарын коргоп берүүнү өтүнгөн. 
Аялдын туугандарынын айтымында, 22-февралда 4-шаардык ооруканасында омурткасына оор операция жасатып, дарыланып жаткан Н. Г.нын  палатасын тергөө органдарынын кызматкерлери кирип, башка бейтаптардын катышуусунда тергөө иштерин жүргүзүүгө аракет кылышкан. 

Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Т. Ж., аттуу тергөөчү Н.Гнын өзүнүн жактоочусу бар экенине карабастан, З. Б ны  мамлекеттик жактоочу катары чакырган. Туугандары бул фактыны видеого тартып алышкан. 

Акыйкатчы институту прокуратура органынан укук коргоо органдарынын аракеттерине объективдүү баа берүүнү жана Аламүдүн райондук ИИБ тергөөчүсүн жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Мындан тышкары, институт аталган жактоочу боюнча маалыматты тактоо үчүн юридикалык жардам кызматына кат жөнөткөн.
Расмий жоопко ылайык, З.Б. 22-жылдын 2023-февралында мамлекет кепилдеген юридикалык жардам боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестринде турган эмес жана 22-февралга карата район боюнча нөөмөттөгү жактоочу болгон эмес.

2021-жылы Акыйкатчы Институтуна А.К аттуу жаран ошол эле тергөөчү жактоочу З.Б га макулдук берүүгө мажбурлаганын айтып арызданган. Бул фактыны тактоочу далилдер институттун кызматкерлеринде бар. 
Институттун кызматкерлеринин суроосуна КРдин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун 26.05.2021-жылдагы расмий жообуна ылайык жактоочу З.Б. 2021-жылдын 18-мартында ал нөөмөттө болгон эмес. 

Бул факт адам укуктарынын жана эркиндиктеринин одоно бузулгандыгын айгинелейт.

Акыйкатчы институту бул фактылар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берген. Натыйжада, КРдин Юстиция Министрлиги адвокаттардын этика боюнча комиссиясынын чечими чыкканча, жактоочу З.Б. квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүдөн убактылуу четтетүү тууралуу чечим кабыл алган.
Ушул фактыга байланыштуу, Акыйкатчы институту КРнын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясына жактоочу З.Б нын КРдин мыйзамдарынын талаптарын жана кесиптик этика кодексинин ченемдерин сактабагандыгы үчүн жоопкерчилигин кароо сунуш киргизген.

КРнын Адвокатурасы өз кезегинде, 2024-жылы КРдин Юстиция министрлигине жактоочулук иш жүргүзүүгө укуктук лицензиясын бир жылдык мөөнөткө токтото туруу жөнүндө сунуш берген.
“Айтылган жагдайлардын жыйындысы жактоочулардын аракеттеринде кара ниеттик белгилери камтылган, түздөн-түз адвокатка да, бүтүндөй адвокатура институтуна да ишеним бузулган деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Жактоочу З.Б нын кесиптик этикасынын системалык мүнөздөгү ченемдерди одоно бузгандыгын эске алып, этика боюнча комиссия Юстиция министрлигине адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө сунуш киргизүүгө негиз бар деген тыянакка келет”, — деп айтылат комиссиянын чечиминде.