Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 1-тергөө абагына мониторинг жүргүзүштү

07/04/2024 - 10:01

КРдин Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 6-апрелде 1-тергөө абагына барып, кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүп келишти. 

 

6-апрелде социалдык тармактарда Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө изоляторунда ур-токмокко кабылганы айтылган. Ошондой эле ал арызында, аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген. 

 

Кароо учурунда мекеменин жетекчилиги ошондой эле, М. Тажибек кызы, Н. Кудайбергенова жана К. Аранова менен сүйлөшүү жүргүздү. 

 

Аялдын айтымында, 2024-жылдын 4-апрелинде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Н. Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан. Ал кызматкерди алар мурда көргөн эмес. 

 

2024-жылдын 5-апрелинде мекеменин кызматкерлери Н. Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында кайрадан буюмдары менен аны сыртка чыгуусун талап кылган. Ага байланыштуу конфликт болгон. 

 

Аялга карата күч колдонуу болуп, Н. Кудайбергенованы күчтөп сыртка чыгарышкан. 

 

Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн. 

 

М. Тажибек кызын кароо учурунда эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени аныкталган.

 

Бул көк-ала тактарды фото/видеого тартууга мекеменин кызматкерлери макул болгон эмес, бул тууралуу акт түзүлгөн. 

 

Мекемеге барган учурда, атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү да болгон. 

 

Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

 

М. Тажибек кызы жана К. Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып Акыйкатчынын атына арыз жазышты. 

 

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоого зарыл болгон чараларды кабыл алууга, жана аларга карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча тыкыр иликтөөгө чакырат.