№16 түзөтүү мекемесинде соттолгон жаран ур-токмокко кабылганын айтып арызданды

05/04/2024 - 14:38

КРдин Акыйкатчы Институтунун (Омбудсменинин) кызматкерлери №3 түзөтүү мекемесине барып, соттолгондордун шарттарын көрүп келишти. 

Тактап айтканда, соттолгон М.уулу Т. менен сүйлөшүп келишти, буга чейин анын кайрылуусу соцтармактарда жарыяланган. Видео тасмада ал №16 түзөтүү мекемесинин жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан күч колдонуп уруп-согуу болуп жатканын айткан. М.уулу Т.нын кайрылуусунан кийин аны №3 түзөтүү мекемесине которушкан. Ал жактан институттун кызматкерлери аны менен сүйлөшүп келишти.    

М.уулуТ.нын денесин кароо учурунда, оң далысында көк-ала тактар бар экени аныкталган. 

Соттолгон жарандын айтымында, күч колдонуу жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан болгон, бирок, түшүнбөстүктөр чечилгенин айтып, арыздануудан баш тарткан. 

№16 түзөтүү мекемеси окуя боюнча өз версиясын айтып берди. 

Алардын айтымында, 2024-жылдын 30-мартында  №16 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери жаза аткаруу мекемесинин ыкчам-издөө кызматкерлери менен бирге тыюу салынган буюмдарды издөө боюнча мекемеде мерчемделбеген текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. 

“Кароо учурунда М.уулу Т.дан уюлдук телефон табылган. Уюлдук телефонду алууда бир нече соттолгондорго жана М. Уулу Т. га карата күч колдонуу болгон. 

Жаза аткаруу кызматкерлеринин айтымында, М.уулу Т. нын уюлдук телефонун алып койгондон кийин, агрессия көрсөтүп, түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратына чыгып алып, уюлдук телефонун кайтаруусун талап кылып, антпесе өз өмүрүнө кол салаарын билдирип коркуткан. 

“Андан кийини №16 түзөтүү мекемесинин өнөр жай имаратында М.уулу Т. өзүнүн видео кайрылуусун тараткан”- деп билдиришти түзөтүү мекемесинин кызматкерлери Акыйкатчы Институтунун кызматкерлерине. 

Түзөтүү мекемеси М.уулу Т КРдын Кылмыш-жаза кодексинин “Жаш балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” тактап айтканда, 162-беренесинин 4-бөлүмү менен соттолгонун маалымдашты. 

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Акыйкатчы институту тийиштүү мамлекеттик органдарга түзөтүү абактарында адам укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле соттолгон М. уулу Т. карата күч колдонуунун негиздүүлүгү боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүү зарылдыгы тууралуу расмий суроо-талаптарды жөнөттү.