Акыйкатчы Институтунда мамлекеттик тилди колдонуу боюнча жыйын өттү
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунда мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүү жана колдонуу боюнча жыйын өттү.
Ага Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жана Кыргыз Республикасынын Президенттине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев катышты.
Жамиля Жаманбаева институтта иш кагаздарын толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүүгө өткөрүүгө жана кызматкерлердин кыргыз тилди билүү деңгээлин жогорулатуу багытындагы иштер боюнча маалымдады.
«Мамлекеттик тил – эгемендүүлүгүбүздүн негизги белгилеринин бири жана улуттук биримдиктин өбөлгөсү. Акыйкатчы институту “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын талаптарын аткарууга бардык чараларды көрүп келет», – деп белгиледи Жамиля Жаманбаева.
Мелис Мураталиев “Уңгужол” улуттук идеологиялык доктринасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү өлкөнүн жети негизги стратегиялык багытынын бири катары белгиленгенин, андыктан мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүсү, расмий документтерди сабаттуу жана талапка ылайык тариздөөсү мыйзамдын талабы болуп саналарын айтып өттү.
Андан тышкары, улуттук комиссиянын төрагасы кыргыз тилинин мамлекеттик макамынын маанисине дагы токтоло кетти.
«Дүйнөдө 193 эгемендүү мамлекет жана 6809 тил бар. Алардын ичинен 98 тил гана мамлекеттик тил макамына ээ. Демек, мамлекеттик тил макамына ээ болгон эне тилибиздин болушу – чоң бакыт жана баалуулук, - деди Мелис Мураталиев.
Жыйындын жүрүшүндө институттун кызматкерлери мамлекеттик тилди иш кагаздарын жүргүзүүгө байланыштуу суроолорун берип, адистерден тиешелүү жоопторду алышты. Ошондой эле көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактарда кездешкен орфографиялык жана грамматикалык каталар талкууланып, мамлекеттик тилдин нормаларын сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү кыргыз тилин үйрөнүү жана колдонуу үчүн заманбап санариптик колдонмолор (Aitil, БалТил, Easy Kyrgyz) тууралуу маалымат беришти.