Акыйкатчы менен ЖАК башчысы тергөө абактарын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу жөнүндө макулдашты

06/02/2024 - 12:46

Акыйкатчы менен ЖАК башчысы тергөө абактарын үзгүлтүксүз мониторинг кылуу жөнүндө макулдашты
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) борбордук аппаратына барды. 

Акыйкатчы ЖАКтын башчысы Аскат Эгембердиев жана кызматкерлер менен жолугушту.  
Тараптар эркиндигинен ажыратуу жайларындагы адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын камсыздоону жакшыртуу боюнча чараларга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Джамиля Джаманбаева акыркы жылдарда кызматтын ишмердүүлүгүндөгү оң натыйжаларды белгилеп, ошол эле маалда КРнын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатында бир катар көйгөйлөр бар экенине көңүл бурду.
Башкы укук коргоочу абакта кармалгандардын укуктары бузулган учурлар боюнча тынчсыздануусун билдирди.
Ал жазаларды аткаруу мекемелериндеги укуктардын сакталышы жана кармоо шарттарын үзгүлтүксүз мониторинг кылуунун маанилүү экенин өзгөчө белгилеп өттү.  

Акыйкатчы  адам укуктарын коргоону камсыздоо максатында ЖАК менен Акыйкатчы институтунун өз ара кызматташуусун күчөтүүнүн зарыл экенине токтолду.

Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын ишмердүүлүгү мүмкүн болушунча ачык-айкын экенин баса белгиледи.   
“Пенитенциардык мекемелердеги коопсуздукту жана мыйзамдуулукту камсыздоо соттолгон жарандардын, камакка алынгандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо ЖАКтын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Аларды чечиш үчүн колдон келген баардык чаралар кабыл алынып жатат”, — деп айтты ал.

Эгембердиев  Акыйкатчы институту, Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору, башка укук коргоочу, өкмөттүк эмес уюмдар менен абакта кармалгандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоону камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Акыйкатчы жана ЖАК башчысы эркинен ажыратылгандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы баардык маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти жана ЖАКтын мекемелеринде үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү тууралуу макулдашты.

Андан соң Акыйкатчы ЖАТтын музейи менен таанышып, ардактуу коноктордун китебине кол тамгасын калтырды.

Эскерте кетсек, Акыйкатчы буга чейин аймактардагы тергөө абактарын кыдырып, камалгандардын кармоо шарттары менен таанышкан.