Акыйкатчы Украинанын элчиси менен жолугушту

29/03/2024 - 11:17

КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Кыргызстандагы Украинанын элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап жалпы таанылган принциптерге жана эл аралык укукка ылайык адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.

Валерий Жовтенко гуманитардык кызматташуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. 

Жамиля Жаманбаева чет өлкөдө жүгөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо Акыйкатчы Институтунун негизги милдеттеринин бири экенин баса белгиледи. Бул багытта башка өлкөлөрдүн Акыйкатчылары чоң көмөк көрсөтүүдө. Башка өлкөлөрдүн Акыйкатчылары менен байланыш түзүү биз үчүн өтө маанилүү. Биз мындай аянтчада өз ара аракеттенүүгө дайым даярбыз", — деди Жамиля Жаманбаева.

Жолугушуунун соңунда, тараптар демократиялык баалулуктарын жана адам укуктары менен эркиндиктериинин жогорку стандарттарын бекемдөө боюнча дискуссиянын маанилүүлүгү жөнүндө макулдашышты. Жолугушуу 4-мартта болду.