Акыйкатчынын Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү өз каалоосу менен кызматтан кетти

07/03/2024 - 08:39

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Келсинбек кызы Кереметкан өз каалоосу менен кызматтан кетти. 

Өкүл салтанаттуу түрдө узатылды.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбава адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого кошкон салымы үчүн Келсинбек кызы Кереметканга ыраазычылык билдирди. 

"Жалпы жамааттын атынан алгылыктуу алып барган ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Сизге бекем ден соолук жана бакубат өмүр каалайм", - деди Омбудсмен. 

Келсинбек кызы Кереметкан Акыйкатчы Институтунда 2007-жылдан бери 17 жыл иштеген. 
Бир жылдан ашык убакыт Акыйкатчы Институтунун Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. 

Керемет Келсинбек кызы кызматтан окуусун улантуу максатында өз каалоосу менен кетти.

Акыйкатчы Кереметкан Келсинбек кызына эстеликке белек тапшырды.

Иш чаранын соңунда аны Институттун кызматкерлери кол чабуу менен узатышты.