Акыйкатчынын орун басары Шухрат Анварович Айтиев мезгилсиз дүйнө салды

31/12/2023 - 13:51

КРдин Акыйкатчысынын орун басары Шухрат Анварович АЙТИЕВ мезгилсиз дүйнө салды. 

Ал бүгүн 31-декабрда, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде кайтыш болгон. 

Маркумду жерге берүү тажиясы эртең, 1-январда саат 13.30да Жалал-Абад шаарында болот. 

Шухрат Айтиев Акыйкатчынын орун басары болуп, 2023-жылы июнь айында дайындалган. Буга чейин Жалал-Абад областынын журналистика борборунун директору, КРнын Жогорку Кеңешинде сектор башчысы ошондой эле, КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору болуп эмгектенген.

КРдин Акайкатчысы Джамиля Джаманбаева жана Акыйкатчы Институтунун жалпы жамааты Шухрат Анваровичтин жакындарына жана үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. 

Бул оор жоготуу. Шухрат Айтиев боорукер жана ак көңүл адам катары эсибизде. Ал мыкты юрист катары адам укуктарынын корголушуна чоң салымын кошуп кетти. 
39 жашында кайтыш болгон, Шухрат Анваровичтин артында жубайы эки уул жана эки кызы калды. 

Шухрат Анваровичтин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.