Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев БУУ БКБнын өкүлдөрү менен жолугушту

27/01/2024 - 10:11

Бишкекте КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Жанибек Жоробаев менен Бириккен улуттар уюмунун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсеси жана Борбордук Азия боюнча Аймактык өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууга Борбор Азиядагы кылмыштык сот адилеттиги боюнча Программасынын эл аралык координатору Джордж Абаджян жана Кыргызстандагы Программалык кеңсенин улуттук координатору Кубан Исмаилов катышты.
Кыргызстандын жарандарынын сот системасындагы жана пробация системасындагы укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы боюнча мониторингдин жыйынтыгы талкууланды. 
Жолугушууда тараптар адам укуктарын коргоо жаатында өз ара кызматташууну күчтөндүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Ошондой эле адам укуктарын коргоо: сот адилеттүүлүгүнө жетүү, Кыргызстандагы сот системасын гумандаштыруу жаатындагы кызматташтыктын маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөшүү болду.

“Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары улантууга даяр. Мониторингдин жыйынтыгын талдап чыккандан кийин аныкталган системалык маселелерди жоюш үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо маанилүү деп эсептейбиз”, — деп белгилеп өттү Жанибек Жоробаев.

Абаджян БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргызстандагы Программалык кеңсеси эл аралык стандарттар менен КРнын мыйзамдарына ылайык пробация жана  сот адилеттиги системасын жакшыртууга көмөк берүүгө даяр экендигин кошумчалады.
“Биз үчүн сот системасын гумандаштыруу боюнча өзүбүздүн салымыбызды кошуу маанилүү”, — деди Джордж Абаджян.