Акыйкатчынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү ардактуу эс алууга чыкты

16/02/2024 - 15:02

Акыйкатчынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү ардактуу эс алууга чыкты 

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Ош шаары жана Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шанбетали Касымов ардактуу эс алууга чыкты.

Шанбетали Касымов Акыйкатчы институтунда 2014-жылдан 2024-жылга чейин, 10 жыл Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенди.

Мындан тышкары ал ички иштер органдарында 33 жыл ар кандай кызматтарда иштеп келген. 

Институттун борбордук аппаратында Шанбетали Касымовду салтанаттуу азем менен ардактуу эс алууга узатышты.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева адам укуктары менен эркиндиктерине кошкон салымы үчүн Шанбетали Касымовго чын дилден ыраазычылык билдирди.
“Биз сиздин кесипкөйлүгүңүз менен кайратмандыгыңызды жогору баалайбыз жана жаш муундарга ар дайым үлгү катары көрсөтөбүз. Жамааттын атынан мыкты ишиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана чың ден соолук, жакшылыктарды каалайм”, — деп айтты Акыйкатчы.

Андан кийин Акыйкатчы Шанбетали Касымовго эстелик белектерди тапшырды.
Анын жасаган эмгегин сыйлаган кесиптештери кол чаап узатышты.