КРнын Акыйкатчы институтунун жамаатына Омбудсмендин жаңы орун басары тааныштырылды

18/01/2024 - 17:45

Бүгүн, 18-январда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жамаатына КРнын Акыйкатчысынын жаңы орун басары Жанибек Жоробаевди тааныштырышты.

Жоробаев Акыйкатчынын орун басары болуп бүгүн, 18-январда КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында шайланды.

Жамаатка жаңы орун басарды тааныштырып жатып Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев ага жаңы кызматындагы ийгиликтерди каалады.  
“Сиз мыйзамдарды так сактап жана аларды жетекчиликке алуу менен КРнын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргош үчүн болгон күч-аракетиңизди жумшашыңыз керек”, — деп айтты ал.

Акыйкатчы жаңы орун басардын талапкерлигин колдоого алган үчүн Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирди.
“Бүгүн депутаттар орун басар кызматына Жоробаевдин талапкерлигин колдоп беришти. Ал биздин жарандардын укуктарын коргоодо мамлекеттик башкаруу системасындагы өзүнүн зор тажрыйбасын колдонот деген үмүттөбүз”, — деди Акыйкатчы.

 

Сүрөт Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан алынды