Наилья Токтосунова КРдин Акыйкатчы Институтунун аппарат жетекчиси болуп дайындалды

01/04/2024 - 16:08

Бүгүн, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Инстиутуттун жалпы жамаатына жаңы Аппарат жетекчисин тааныштырды.

Акыйкатчынын буйругуна ылайык, Наилья Токтосунова аппараттын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. 

Жаманбаева Токтосунованын жогорку кесипкөй экенин белгилеп, өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткара аларына ишеним билдирди.

“Наилья Жакшылыковна институтта иштеген жылдары өзүн мыкты жагынан гана көрсөттү. Ал адам укуктарын коргоого зор салым кошот", - деди Акыйкатчы.

Токтосунованы институттун аппарат жетекчиси кызматына дайындоо тууралуу Акыйкатчынын чечимин жалпы жамаат кол чабуулар менен кабыл алды.

Белгилей кетсек, Акыйкатчынын башка буйругу менен (1-апрелден баштап) аппарат жетекчиси Аскат Азарбеков өз каалоосу менен берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.