Жамиля Жаманбаева абактагы майыптардын укуктарын камсыздоого чакырат

22/02/2024 - 11:58

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жабык мекемелерде жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын укуктарынын камсыздалышына көңүл бурууда жана мамлекеттик органдарды эркиндигиенен ажыратуу жайларында майыптуулук статусун алганга мүмкүнчүлүк берген документти кабыл алууну тездетүүгө чакырат.  

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна абакта жазасын өтөп жаткан соттолуучулардын биринин жубайы кайрылган. Ал КРдин кылмыш-жаза кодексинин 97 беренеси менен айыпталып жазасын өтөп жаткан К.К., аттуу жолдошунун укуктары бузулганын айтып арызданган. 
Аялдын айтуусунда, К.К. аттуу соттолуучуну дарыгерлердин оор жумуш кылууга тыюу салгандыгына карабастан, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесинде аны оор жумушка жөнөтүшкөн. 

Соттолуучу өпкөсүнөн операция болгон. Андан туберкулездун жабык түрү аныкталып, дарыгерлер операция жасап К.Кнын өпкөсүнүн бир бөлүгүн алып салышкан.  
Операциядан кийин дарыгерлер соттолгон жаранды оор жумушка жараксыз деп чыгарып, жаза аткаруу кызматынын №43 мекемесине жөнөтүлгөн. Жаза аткаруу мекемесинде соттолгон жаран курулуш иштерине салынган.

Соттолгон жарандын жубайы Акыйкатчыга К.К нын укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган.

Акыйкатчы өз ыйгарым укуктарына ылайык тиешелүү мамлекеттик органдарга улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык адам укуктарын сактоону камсыздоо талабы менен расмий кат жолдогон.   

Жамиля Жаманбаева кайрылгандан кийин соттолгон жаран оор жумуштан бошотулуп, ал эми адам укуктарынын бузулушуна жол берген жабык мекеменин кызматкерлерине карата Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги тарабынан чара көрүлгөн. 

Омбудсмен, мамлекеттик органдардын көңүлүн соттолгондордун укутарын камыз кылуу көйгөйлөрүнө – эркинен ажыратуу жайларында майып статусун алууну документтештирүү маселесине бурат. 

“Абакта жазасын өтөп жаткан жарандын укугу биринчи кезекте эркиндигинен ажыратуу жайларында майыптуулугун тааныган тиешелүү ченемдин жоктугунан бузулган. 2020-жылы Акыйкатчы Институту тарабынан КРда медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунуш берилген. Мисалга, бул ченемдер кабыл алынганда, К.К. аттуу соттолуучу оор жумушка тартылмак эмес”.

Эске салсак, учурда Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын абактарында МСЭК тийиштүү экспертиза жүргүзүлбөй келет.  Бул өз кезегинде, адам укуктарын одоно бузууга алып келет. 

Жамиля Жаманбаева бул маселени 2023-жылы июнь айында Адам укуктарынын координациялык кеңешинде да көтөргөн. 
Бирок, бул сунуштар азыркы кезге чейин аткарылган эмес.

КРдин Акыйкатчысы кайрадан мамлекеттик органдарды эркинен ажыратуу жайларында соттолгондордун майып статусун алуу укуктарын караган документти кабыл алууну тездетүүгө чакырат.