Жанибек Жоробаев КРнын Акыйкатчысынын орун басары болуп шайланды

18/01/2024 - 16:28

Жанибек Жоробаев КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары болуп шайланды.

Депутаттар бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында анын талапкерлигин карашты.

Жоробаевдын орун басар кызматына талапкерлиги КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева тарабынан сунушталды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттары Жаныбек Жоробаевди КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары кылып бир добуштан шайлашты.

Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич 1978-жылы туулган.

Билими – жогорку. 

1998-жылы Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик  университетинин “Финансы жана кредит” факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн.

2002-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Юриспруденция” факультетин артыкчылык диплом менен аяктаган.

2011-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине караштуу К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында “Эл аралык мамилелер” адистиги боюнча  билим алган.

Эмгек жолу:

2000-2013-жылга чейин улуттук коопсуздук органдарында иштеген.

2013-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгын жетектеген.

2016-2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш  өнөр-жайы жана мелиорация министирлигинин башкармалыгын жетектеген.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматында иштеген.

Аскердик наамы – полковник.